"Баланын ар бир кылык-жоругу ата-эне үчүн айтып бүткүс чоң ырахат", - деп 3 баланын энеси, Бишкек шаарынын 27 жаштагы жашоочусу Диана Бактыбек кызы кебин баштады.
Ал буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына 8 жаштагы кыздын жакындары тарабынан сабалышы боюнча маалымат жөнөткөн. Бактыбек кызынын бул маалыматы коомчулукта жана сайтта чоң талкууга алынган эле. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи аны сабады делген өгөй энесине кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Дарыгерлер 8 жаштагы бул кыздын мурда да сабалып жүргөндүгүн айтышкан. Жабырланган секелек өзү да өгөй энеси аны чөмүч менен башка-көзгө койгулап, уруп жүргөнүн видеодо айтып берген. Ал эми ооруканага жеткирилген күнү аны өгөй апасы отургуч менен уруп, колу жабыркаганы, моюндары тытылып, башында, денесинде көптөгөн көк ала тактар болгондугу маалымдалган.
Дарыгерлер оор абалда ооруканага жеткирилген кызды караган эч ким жок экенин, ал жалгыз дарыланып жатканын айтышкан. Ал эми өзүнүн апасы кызды агасы менен кошо күйөөсүнө таштап кеткен. Бул арада өгөй энени кайненеси жактап чыккан. Анын айтымында, небере кызы өзү тентек, аны өгөй энеси эмес өз агасы сабаган. Бирок анын билдирүүсүн коомчулук ынанымдуу деп көрө алган жок. Сабалган кыз ооруканадан чыккандан кийин балдар үйүнө жайгаштырылган.
Кабардын автору Диана Бактыбек кызы өзү эне болгондон тартып бир гана өзүнүн балдарына эмес, бардык наристелерге мээрим төгүп калганын айтты.
"Менин 8, 6 жаштагы жана 9 айлык 3 балам бар. Бактылуумун, балдарыма да бактылуу балалык тартуулоо үчүн болгон аракетимди жумшайм. Ал эми 8 жаштагы кыз жөнүндө айтсам, ал менин аяшымдын кызы, кичине чагынан бери тааныйм. Көз алдыңда өскөн кыз өзүңө жакын сезилет экен. Анын сабалышын укканда чыдап тура алган жокмун, кыздын абалы тууралуу аяштарымдан улам билип калдым", - деди ал.
Ошондой эле ал дароо милицияга кабар бергенин билдирди. Андан кийин секелек кыз сабалган жерге "Тез жардам" кызматы да барып, аны ооруканага жеткиришкен.
"Азыр да Аянанын (ред. сабалган кыз) абалын ойлосом жүрөгүм ооруйт, гезит, интернет аркылуу ал тууралуу кабарларды калтырбай окуп жатам. Ата-энеси балким мени жаман көрүп жатат, бирок мен ал кыздын кыйналган кырдаалдан чыгышына себепчи болдум деп ойлойм.
Негизи акыркы убактарда өгөй атасы, өгөй энеси балдарды кордоду деген кабарлар көбөйүп жатат. Көмүскөдө билинбей калгандар да көп деп ойлойм. Андыктан балдардын тагдырына кайдыгер карабай, аларды чогуу коргоого алууга коомчулукту чакырам", - деди Бактыбек кызы.
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдын июль айынан тарта жеңүүчүлөрү: