Үлпөт тойдо 173 адам ууланган "Ала-Тоо" рестораны убактылуу жабылды

Үлпөт тойдо 173 адам ууланган "Ала-Тоо" рестораны убактылуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" рестораны массалык уулануу эмнеден улам келип чыккандыгы аныкталгыча убактылуу жабылды.

Бүгүнкү күндө уулангандардын саны 173 адамга жеткен. Алардын ичинен 150 адам Бишкек шаарында болсо, 23 адам башка аймактарда.

Текшерүүлөрдөн кийин административдик мыйзам бузуу боюнча "Ала-Тоо" ресторанынын башчысы Бакыт Өмүрбаевге жана башкы ашпозчу Г.Шеримбековага протокол түзүлүп 25 миң сом айып салынган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында болгон үлпөт тойдон кийин алгач 30 адам тамакка ууланып ооруканага түшкөн.


“Ала-Тоо” ресторанындагы тойдо жүздөгөн адам тамактан ууланган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kirajsjk
2018-04-02 13:34:52
25 мин сом елеби..алардын ден соолуктарына ким жооп берет.
+7
nurbekasr
2018-04-02 13:46:52
Ресторан бир тойдо 250 миң накталай акча табат,аа штрафы 25 сом экен.
+7
jbolotov
2018-04-02 14:14:50
Мынча адам тамактан ууланышы мумкунбу? Балким атайын бироолор ресторанды алуу же ьир максат менен ууландыргандыр? Лаборатория текшериш керек.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан