Өзбек президенти кыргыздар көп жашаган "Манас" айылын 45 күндөүлдөттү"

Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев Өзбекстандагы өнүгүүдөн артта калган “Манас” айылын таанылгыс кылып өзгөрттү. Этникалык кыргыздар көп жашаган бул айылды алдыңкы айылдарга кошуу үчүн 45 күн гана керектелген. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланган.

Маалым болгондой, "Манас" айылы Жизак облусунун Достук районунда жайгашкан. Өзбек бийлиги артта калган айылды гүлдөгөн аймакка айлантуу канча убакытта ишке аша турганын билүү максатында эксперимент кылып көргөн.

"Биздин эл ушундай аянычтуу шартта жашаганына жүрөк ооруйт. Мен "Манас" айылынын мисалында бизди алдыда кандай иштер, тапшырмалар күтүп жатканын айткым келди. Биз шарты эң катаал, жакыр айылдан баштабасак, эл бизге ишенбейт", - деген Мирзийоев.

Ажонун бул сөзүнөн кийин "Манас" айылындагы эски үйлөр, имараттар бульдозер менен сүрүлүп, ордуна жаңы эки кабаттуу көп батирлүү үйлөр, поликлиника, спорт аянтча, бала бакча курула баштаган. Кала берсе, айыл эли тери жана жүн чыгарууну өздөштүрүп баштаганы маалымдалат.

Белгилей кетсек, өзбек өлкө башчысы өзү да Жизак облусунда төрөлүп өскөн. Ал эми "Манас" айылы 1960-жылдары курулуп, учурда ал жакта 7 миңге чукул жашоочу бар экени айтылат.

Өзбекстандын ажосу Манас айылын 45 күндө таанылгыс кылып өзгөрттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
Baku88
2018-04-03 16:58:51
Карагылачы бизге канча ажо келип 45 жылда да өзгөртүп ала алышкан жок Өзбекстанда 1 президент келип 45 күндө бир айылды гүлдотуп салыптыр бул тил мн эмес иш мн далилдегендик сабак алышыбыз керек бирок биз да өнүгүп особуз буюрса аз калды ушу чондорубуз кичине эле тамагын тыйып турса баары жакшы болот
+3
bakulya2015
2018-04-03 17:00:10
Аллах ыраазы болсун!
+4
nurbekasr
2018-04-03 17:00:34
Азаматсыз Шафкат Мирзоеев,биз сизге гана суктанабыз,өзүбүздүн президенттер болбой калды.Бирөөсү пенсияга кетсе да башкарат,бирөөсү (жаңысы-досу) жазып берген кагазды окуп коет карабай.Толк жок иш кылганынын,Бизде 45 күндөн бери ТЕЦтен ким акча жегенин таппай жатышат.Депутаттар өлгөн,көз каранды АШАга.Сиз 45 күндө бир айылды курсаңыз,биздин секспрезидент 45 күндө бир үй курду өзүнө эле.Өз чөнтөгүмөн дейт бир Аллах билет кайсыл акчага курганын.Бизге келип 2 ай баш көз болуп башкарып бериңчи өлкөнү
+8
aIways-here
2018-04-03 17:31:11
Шавкат Мирзиеевдей болуп, өтө катаал мыйзамдарды кабыл алып, катуу тартип орнотом десе, бизде эл президентке асылып кайра укуп чукуп сындап, митинг кылып чыгышат. Антип өзбектерге окшоп кырың этпей президентти укбайт эл бизде. Сөз эркиндиги, демократия деп чыга келет бизде.
+9
aliya-leyla
2018-04-04 08:54:49
aIways-here,туптуура айтасын. Булар биринин созун бири угат. А бизде ар ким озунукун тануулап меники ганатуура деп чыгат.
+3
Kenje67
2018-04-03 17:39:11
Коруп алып ыйлап ийдим, азамат экен, коп жашаныз, кайсыл мамлекет болсун, онугуп осо берсин, кудай буюрса бизда онолобуз.
+6
munar1980
2018-04-03 17:58:25
Бабанов Прездент болсом 7 пайыз менен кредит берем деди эле. Эгерде бергиси келсе Прездент болбой туруп да бергенге шарты бар эле берсе болмок элге 7 пайыз менен Кыргызстан деген менчик Банкы бар бирок аны кылбады. 7 эмес кыргызстан банк 15 пайыз менен берсе да алат элек
+2
AksyKoitash1985
2018-04-03 18:01:09
100%мактоо жана мактоо.Алла ыраазы болсун.Тарыхта калыныз. кайра кайра горгозуш керек мындай жакшы ишти.
+6
aerforce
2018-04-03 22:09:04
эх качан элдин балдарындай болор экенбиз а?
+2
ermek19
2018-04-03 23:15:00
Улгу алгыла Кыргыздардын жеп жутар калкын эмес кулкумун ойлогон бийликтегилер. Манасты силер эмес озубектер ойлогондон кийин соз жок.
+2
bond02
2018-04-03 23:29:34
бир. жагы жакшы, дагы бир жагы Кыргызстанга подход кылып жатат баягы жайлоо жана да башка нерселер учун.
+3
batleybesh
2018-04-04 02:51:16
bond02,ичин жаман кир экен.куйуп ол сен
-5
Baku88
2018-04-04 01:48:12
Көрсөң көз суйунот 100 жолу көрдүм боордош элибиз аман болгула Шавкат мырзага таазим
+2
aiman1983
2018-04-04 08:05:01
Элет жерин которуу жылы деп атабай деле которуп койсо болот экен го. Бизде жылдарды айыл жерлерин которуу деп атап алып эч нерсе кылбайбыз. Элди ойлогон башчыга качан жетээр экенбиз?
+1
alikgz
2018-04-04 09:53:53
Шавкат мирзиеев сизге Аллах ыразы болсун,
+1
Aquarius84
2018-04-04 10:31:02
Эмнеге бизден ушундай президент чыкпайт?
0
Eli.91
2018-04-04 10:48:42
Малатцы соонун кылып озгортуптур?бизге андай презденттер келбей калды окшойт?бизге жалан гана озун ойлоп келишет?горуно которуп кете тургансып байлыкты оздоруно чогултушат?ээ олбой калатурган Жан барбы?баарыбыз олобуз жок дегенде акыретинди ойло?ушул олсон дагы артында жакшы соз айта турган кылып олсон омур бою сага рахмат айтат эл?биздикилерде намыс кайда?намыстуу бол кыргыз калкым?биз деген Манастын урпагыбызго?прездентибиз жакшы иш кылгысы келсе ушундай жерлерден баштасын озгорууну?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан