"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев эч кимди иш бөлмөсүнөн кууп чыккан жок", - деп SUPER.KG порталына аталган ишкананын басма сөз катчысы Эркин Каимов билдирди.
"Бардык тийиштүү органдар келип текшерип жатышат, аларга атайын шарттар түзүлүп берилген. Алмазбек Ногойбаев биздин ишкананын бардык өкүлчүлүктөрүндө текшерүүчүлөргө көмөктөшкүлө деген тапшырма берген. Текшерүүчүлөр келсе биздин жетекчи аларды кууп чыга албайт да, кантип кууп чыкмак эле. Бул жерде маселе так эмес болуп жатат. Биздин ишканада "кууп чыгат" деген нерсе болгон эмес", - деди Каимов.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынында депутат Жанар Акаев: "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлерин иш бөлмөсүнөн кууп чыгыптыр", - деп билдирген. Буга чейин ал 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз темир жолу" ишканасында мыйзам бузуулар көп экенин, коррупциялык шек жараткан бир канча маселелерди белгилеген.