Бишкекте иттен адам тарабынан зордукталган белгилер табылды
"Бишкекте иттен адам тарабынан зордукталган белгилер табылды. Дарыгерлер муну аныктаганы менен далил катары карманар эч нерсебиз жок болуп жатат", - деп билдирди 4-апрелде жолбун жаныбарларга жардам берген "Добрые руки" аттуу фонддун жетекчиси Лариса Слободская SUPER.KG порталына.
Анын айтымында, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында оор абалдагы ит жатканы тууралуу маалымат келген. Фонддун кызматкерлери айтылган дарекке келгенде чала жан абалда жаткан итти көрүшкөн.
"Жаныбарды дароо эле атайын клиникага алып бардык. Анын алдыңкы 2 таманы, арткы бир таманы сынган. Манжалары да кайрылып кетиптир. Аны унаа сүзүп кетсе мындай жаракат алмак эмес, адамдын эле аёосуз мамилеси экени көрүнүп турду. Анын абалы оор болгондуктан дарыгерлер дароо жуунтуп, тазалап дарылоого киришти. Рентгенден тышкары көтөн чучугуна да текшерүү жүргүзүлдү, ошол учурда микроскоптон адамдын спермасы бар экени көрүнгөн. Текшерүү жүргүзүүбүзгө "арт тарабынын" жырылып кеткендиги да себеп болду. Чындыгында мындай болору такыр ойго келбегендиктен биз далил болчу нерселерге таң калып, ошол замат эле жууп-тазалап салганбыз. Бардык көрүнүштөр анын зордукталганын айтып турса да, биз муну далилдей албай калдык", - деди ал.
Ошондой эле ал ит байланып турушу мүмкүн экендигин жана жибинен бошонуп качып чыккан деген божомолдорун кошумчалады. Жаныбардын "дааратканага баруусу" "арт тарабынын" жабыркаганынан улам кыйын болууда.
"Учурда дарылоо улантылууда. Бутундагы жаракаты өтүшүп кеткен, аны дарылоодон кийин операция жасалат. Ит жашап кетет деп ишенебиз", - деди Слободская.