Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьерликтен кетүү тууралуу арыз жазды

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 6-апрелде кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге өкмөттүк аппараттан тастыкташты. Маалым болгондой, Шадиев Жогорку Кеңештен 2 миллион сомдун уурдалышы боюнча тергөө иштери калыс жүргүзүлүүсү үчүн арыз жазууну туура көрдү.

Ал буга чейин 2 миллион сомдун уурдалышы боюнча УКМКга сурак берген.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров мыйзамсыз түрдө 2 миллион сомдон ашуун каражатты ыйгарып алган деп шектелип кармалган.

Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр болгонго чейин аталган комитеттин төрагасы болуп келген. Ал аталган кызматтан кеткени менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңештеги депутаттык орду сакталат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан