Депутат Аскарбек Шадиев мандатынан качан ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылды

Жогорку Кеңеште депутат Аскарбек Шадиевди мандатынан ажыратуу маселеси карала элек. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү Айнуру Алтыбаева белгилегендей, мыйзамга ылайык, депутат бир сессияда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына 30 жолу келбесе мандатынан ажыратуу маселеси каралат.

"Өткөн сессияда Шадиев болжол менен 20 жолу пленардык жыйынга келбей калган. Азыркы сессия сентябрдан баштап эсептелет. Ошондо сентябрь айынан бери 30 жолу пленардык жыйынга келбей калса, депутат мандатынан ажыратылат. Бир айда 8 жолу пленардык жыйын өтөт. Ошондо Шадиев сентябрь-октябрь айында 16 жолу жыйынга келген жок. Дагы эки ай күтөбүз. Шадиев декабрь айынын аягында 30-жолу пленардык жыйынга келбей калса аны мандаттан ажыратуу маселеси каралат", - деди Алтыбаева.

Конституцияда жазылгандай, депутат бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарына жүйөсүз 30 же андан көп жумушчу күнү келбесе мандатынан ажыратылат.

Окуянын чоо-жайы:

29-апрелде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген. 25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон.

2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган.

Бүгүнкү күндө Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты, ал мандатынан ажыратыла элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан