Депутат Аскарбек Шадиевдин 25тей банктагы банктык эсеби жана бир нече мүлкү камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлктөрү камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 6-майда УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тастыктады.

Буга чейин интернетке Аскарбек Шадиевдин жана жакындарынын мүлктөрү 29-апрелде камакка алынганы боюнча санкциянын сүрөтү жарыяланган. Анда Шадиевдин жана жакындарынын 25тей банкта банктык эсеби, Кыргыз мамлекетинин аймагында жайгашкан 50 жана 100 пайыз ээлик кылган 10дой ишканасы, ошондой эле Бишкек менен Чүй облусунда жайгашкан бир канча турак жайы, унаасы камакка алынганы жазылган.

Айта кетсек, 28-апрелде мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.

Бирок анын жардамчысы Айбек Эрмеков "Аскарбек Шадиев 27-апрель күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Кайсы өлкөгө кеткени жана качан келери тууралуу маалыматым жок, бирок дарылануусу бүткөндөн кийин келет", - деп билдирген. Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Биздин маалыматтар боюнча депутат Аскарбек Шадиев эч жакка чыккан эмес", - деп кабарлаган.

Ушул жылы 9-февралда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен кармалган. Сөз болуп жаткан 30 миӊ доллар КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына берилчү акча болгон. Бул акча Аскарбек Шадиев парламенттин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп турганда, анын жазган катынын негизинде парламент бюджетинен бөлүнүп, уурдалып кеткени ачыкка чыккан.

Шадиев 30 миң долларды бөлүү боюнча катка комитет жетекчиси катары билбей туруп кол койгонун айтып келет. Бул окуя боюнча 22-мартта Шадиев, 30-мартта Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков УКМКга суракка чакырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
bond02
2018-05-06 12:32:51
бир машинасын мага бергилечи.
+7
gulzat85
2018-05-06 12:41:44
Ушундайлардын азабынан онуго албай жатпайбызбы.барыбыз тентип журобуз ар кай жакта.
+16
muslim87
2018-05-06 13:13:37
Туура кылат камалсын жегичтер. Камап кустургула, эсептеп уурулук менен топтогон байлыгынын баарын мамилекетке өткөргүлө. Ортодон кыпчып өзүңөргө алып калбай баарын өткөргүлө. Мындай мамилекеттин, бүтүндөй кыргыз элинин акчасына кол салган акмактардын колдорун чабыш керек.
+19
Bolunbo.kyrgyz
2018-05-06 13:24:50
Ашанын иштегенине эч ичим чыкпады эле чиркин Соке ызылдатып ататго алга кудай колдосун биздин президенти
+11
Hernandez
2018-05-06 13:37:22
Мага 100000 сомун бергилечи карыздарымдан кутулуп алайын
+3
MAB88
2018-05-06 14:06:23
Эптеп кашыктап чогултулган бюждетти, чомучтоп эмес, чакалап чачышат. Териштире келсе жебеген чиновник жок болсо керек.
+9
MAB88
2018-05-06 14:23:30
Биз карапайым калк, эптеп чогултабыз налог толоп бюджетти. 100 сом соода кылсае ошонун 10 сомун берип.
Алар болсо бергендин ордуна, оюп бутмой болушту
+6
MAB88
2018-05-06 14:43:07
Арам тамак жукпайт. Баарыбир бир кун кусуш керек болуп калат.
Бул дуйнодо болбосо да акыретте жообун берет.
+5
Aznazalai
2018-05-06 19:15:54
Жакшы.Эми мындан ары да уланткыла?
+2
jbolotov
2018-05-06 19:25:06
Ушуга окшогон адамдар чыныгы мамлекеттин чыккынчылары, эл душмандар, саткындар. Кредитке келген акчадарды ушулар пайдаланат, кредитти толоо элге жуктолот же жер талашка тушот. Акаевден Атамбаевке чейинки иштегендерди чукуп, атуу законго референдум болсо элдин баары колдомок.
+3
kyrgyzsaram
2018-05-06 19:45:40
Бир эле Атамбаевдин куноолорун аныктап, бардык мулкун мамлекетке алса миллиард доллар болмок. Мактанып эле жататго мен миллиардермин. Ошол миллиардтарды мамлекеттин эсебинен кылдыго. Анча мынчасын эл деле билип калды. Мисалы Дача суу, Койташтагы хан сарай. Мындай мисалдар коп. Дагы Ашага окшогондон тортоо бешоонун эле байлыгы менен кутулса болот. Тилекке каршы андай кыла турган бийлик жетекчилери бизде эч качан болбойт.
+4
Nurtilek001
2018-05-06 22:00:30
Накта коррупционер, ушуга окшогондордун жегендерин ондуруп, мамлекеттин тышкы карыздарынан кутулгула, болбосо кытайлар четинен жерлерди баалап ала баштайт, акмактартын жегенин ашыгы мн ондургуло.
+3
Soni130587
2018-05-07 10:57:21
Жеп жутуп алып ооруп калганына тан каласын
+1
altyn7776
2018-05-07 11:14:48
Сагызган сактыгынан олбой суктугунан олот дейт элибиз. Ушунча байлыгы туруп Айтматов агабыздын да стипендиясын уурдаганын...Бул откон бийликтин шалаакылыгы да. АША жургон экен да тантырап суйлоп коюп...
+1
Cleo-13
2018-05-07 12:57:52
Айдар Акаевдин досу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан