Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо боюнча сырттан чечим чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
“Ал кармалган соң 48 саат ичинде ишинин мыйзамдуулугу каралып, ага кабыл алынган чечим угузулат, андан соң кабыл алынган чечимге ылайык камакка алынат", - дешти мекемеден.
Учурда Аскарбек Шадиевдин кайда экени белгисиз. Жардамчысы Шадиев жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чет жакка чыгып кеткенин билдирген. Ал эми УКМК жана Коопсуздук кеңеши Шадиев өлкөнүн аймагынан чыкпаганын айтууда.
Айта кетсек, 28-апрелде мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.
Буга чейин ушул жылы 9-февралда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен кармалган. Сөз болуп жаткан 30 миӊ доллар КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына берилчү акча болгон. Бул акча Аскарбек Шадиев парламенттин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп турганда, анын жазган катынын негизинде парламент бюджетинен бөлүнүп, уурдалып кеткени ачыкка чыккан.
Шадиев 30 миң долларды бөлүү боюнча катка комитет жетекчиси катары билбей туруп кол койгонун айтып келет. Бул окуя боюнча 22-мартта Шадиев, 30-мартта Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков УКМКга суракка чакырылган.