Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Шадиевдин иши боюнча тергөө иштери аяктап, Башкы прокуратура тарабынан 20-октябрда сотко өткөрүлүп берилген. Мекеменин маалыматына боюнча, иш сотко өткөрүлгөндөн 14 күндөн кийин иш каралышы керек.
Окуянын чоо-жайы: 29-апрелде Аскарбек Шадиевге карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген. 25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. Бүгүнкү күндө Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты, ал мандатынан ажыратыла элек.