Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан элүүдөй адамдын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аларга карата 234-берене (бейбаштык), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-берене (массалык тартипсиздик) менен кылмыш иши козголгон.
"Тогуз-Торо районундагы алтын ылгоочу комбинатта орун алган митингге активдүү катышкан элүүдөй адамдын аты-жөнү аныкталды. Учурда ИИМдин оперативдүү ыкчам иликтөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирди басма сөз катчы.
Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.