Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардан өрт чыкты

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардан өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 13-апрелде ӨКМнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, тилсиз жоо тууралуу маалымат түнкү саат 02:00дөр чамасында келип түшкөн.

"Өрттү өчүрүү үчүн 6 техника тартылган. Жалал-Абад шаардык бөлүмүнөн 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылса, калган 2 унаа Сузак районундагы бөлүмдөн тартылды. Өрт саат 04:20да чектөөгө алынган, ал эми саат 06:30да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон болжолдуу миң чарчы метр жери күйдү деп жатабыз. Жаракат алгандар жок, учурда материалдык чыгымдар эсептелип жатат", - дейт Абдишарип Бекилов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ashamkan
2018-04-13 08:57:40
Кудай сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан