Базар-Коргондун базарындагы ишкер: "Рэкетчилер мени сабап, "Баткениңе кет" дешти"

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы борбордук базардын ишкери сабалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде SUPER.KG порталына жабырлануучу, ишкер Чинара Гуламидинова билдирди.

Анын айтымында, базардын башчысы ага үстөмдүк кылып, акча талап кылып келген. "Акчаны берүүдөн баш тартсам, "Биз койгон эрежеге баш ийбесең, Баткениңе кет" деп ур-токмокко алышкан", - деди Гуламидинова.

Ишкер бул чыр 2013-жылдан бери уланып жатканын айтты.

"Жолдошум экөөбүз Баткен облусунан келип, бул жакта соода кылып иштейбиз. Дүкөндү мыйзам чегинде тиешелүү уруксат кагаздары менен сатып алгам. Бирок ошого карабастан келген күндөн тарта базар башчысы мыйзамсыз акча талап кылат. Хюндай Портер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаага 400 сом, ал эми Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаага 500 сомдон берип келгем. Менин дүкөнүм Ж. аттуу базар башчынын аймагында жайгашкан. Анын рэкет менен алектенген балдары бар. Ошол балдар менден ар бир жүк ташуучу унаага акча алып кетишчү", - дейт жабырлануучу.

Мындан тышкары ал 5 жылга созулуп келе жаткан чыр 4-апрель күнү күчөгөнүн баса белгиледи. Бул күнү базарда иштеген сатуучулар дүкөнүнө кирип, ур-токмокко алып, жыйынтыгында сол колунан жаракат алганын айтат ишкер.

"Мыйзамсыз акча тапшыруудан баш тарткандан кийин ар кандай жалган жүйө менен мени куугунтуктай баштады. Мен буга чейин да райондук милицияга коркутуу тууралуу арыз менен кайрылгам. Ашып кетсе 5 айга чейин мага тийишпей калышат да, кайра эле куугунтуктоону башташат. 10 күн мурун, 4-апрелде сатуучулар кирип келип мени ур-токмокко алышкан", - деп кошумчалады Гуламидинова.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Самара Кыдырова ишкердин сабалуусу боюнча факты Базар-Коргон РИИБинде катталганын билдирди. Учурда соттук медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилерин айтышты милициядан.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын пикирин угууга даяр.

Базар-Коргон. Базардагы жаңжал
Базар-Коргондогу базардагы жаңжал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
nurik_sadyrov
2018-04-14 14:50:35
Bul ejenin soodasy aiabai jakshy jana arzan bir kyila
+2
traveler
2018-04-14 15:18:36
Базар-Коргон ХХХХХХХ ХХХХХХ
-2
daniel87
2018-04-14 17:19:14
traveler,ХХХХХХХХХХХ бул базар эн Чон базарлардын бири конкуренция ото куч
-4
admin_media
2018-04-16 16:32:51
traveler, порталдын эрежелерин сактаңыз!
0
Ysakov_Nur
2018-04-14 15:20:40
Баткендиктерге кыйын эле болду!Бишкекте журсо Оштук деп турткулойбуз. Ош, Жалал-Абадка барса Баткендик деп баттырбайбыз.Баткенге барса кун сайын чек-ара жанжалы, басып барып кабар алган киши жок, Кыргызстандагы эн конул бурулбаган аймак, озун-озу эптеп Россияга барып акча чогултуп келип, уй салып жатса аны да коншу мамлекеттердин жоокерлери келип буз деп жатышса. Айла жок жепжутат, эшеке-минерлердин козун жалдырап карап отурса, бул акмактар кресло талашмай менен алек!
+28
Ysakov_Nur
2018-04-14 15:26:28
Ysakov_Nur,
Ошол рекеттерди Баткенге албарып койгула, озбек-таджик туугандардын солдаттарына корсотсун жерин кооруган патриоттуулугун, ушундай кыйын болсо
+16
Mamiev
2018-04-14 19:03:21
Эмне деген мамлекетпиз.Каалаганын камап каалаганын актап куносу бары мамлекеттен чыгып кетет,бирине бири устомдук.Закон денген барбы озу бизде.Бир аз ойлонгулачы Кудай алдында жооп берчу кунду.Чондор бул корунушту акча берсе жаап салбай камагыла.Баткендик эмне Базар коргонго барып иш кылса болбойбу.Кыргыз жараны Кыргызстандын каалаган жеринде иш алып бара алат мыйзамдуу болсо.Болунгонду эле кыйын билебиз бир ууч элбиз
+4
traveler
2018-04-14 15:52:54
Ysakov_Nur, Баткенге да күн тийээр, Баткенде кен байлык көп, байып кетчүү область.
+6
Dalil
2018-04-14 15:45:18
Биз кыргыздарда аймак-аймак, уруу-уруу болуп бөлүнгөнүбүз калбайт экен. Эң жаманы кыргыз менен кыргыз ушинтип жүргөнү өкүндүрөт. Башка улутту сен баланча улуттсун деп сөккөндөргө статья бар. Эми жердигин айтып бөлгөндөргө да статья киргизүү керек. Ошондойлордун айынан кыргыздардын ортосунда бөлүнүүчүлүк болуп келет.
+3
chikeusenov
2018-04-14 17:07:38
ушундай жер жер болуп болунгондорду жонго салбаса большой калды Бир чара коруп оштук же Чуй таластык деп болгондорду Бир эки жыл коомдук жайга ишке тартыш керек ошондой мамлекетке пайда болот болунгондор да азаймак коомдук жайларга да расход аз кетмек шаарды тазалаганы же жазында кузундо тоолорго кочот отургузганы иштебейм десе 500жуз мин штраф тогуп кете Бер Деш керек
0
Дарыгер
2018-04-14 17:17:09
ХХХХХХХ
0
admin_media
2018-04-16 16:33:26
Дарыгер, коомдук этиканы сактаңыз!
0
ilgiz-kg01
2018-04-14 17:21:00
Бул эже өзү базар басында сатпайт ошого сатуучулар арызданган!!

+1
Va.vasm
2018-04-14 20:40:09
ilgiz-kg01,ошон учун базар, каалагандай сатат жана алуучу каалаган баада, каалаган жеринен сатып атат.
+1
Pandora
2018-04-14 23:46:29
Онукпойбузго,онукпойбуз.Бирини бири чукуп артка тартып журсок.Москвада деле пол жууп иштегендер бирин бири чукуп орустарга жаман корсотуп,айдатып ордуна озунун тууганын коймой.
+3
Ulanchik91
2018-04-15 21:11:38
ХХХХХХХХХХ
0
admin_media
2018-04-16 16:34:15
Ulanchik91, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан