Райондук сот Тогуз-Тородо кармалган үч аялды жана бир мектеп окуучусун камактан бошотту. Калган 11 адам 2 айга камалды

Тогуз-Тородо кармалган 15 адамдын арасынан үч аял жана бир мектеп окуучусу бошотулду. Мындай чечим Бишкектеги Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге сот отурумуна катышкан Тогуз-Торо районунун тургуну Рахатбек Садыралиев кабарлады.

Анын айтымында, калган 11 адам эки айга камакка алынды. Алардын арасында экөө мектеп окуучулары.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп,ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган. Ошондой эле кылмыш иши козголуп, 150дөй адам суракка алынып, 15и Бишкекке алынып келип, камакка алынган. Алардын үчөө аял болсо, биринин эмчектеги баласы бар.

Аларды бошотуу талабы менен район эли район борборуна жана Бишкекте митингге чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ali1995
2018-04-17 22:40:59
Туура камагыла озум билем кылып эле ортоп жиберсе боло береби
-13
Tyson
2018-04-17 23:14:31
ali1995,ооба боло берет эл озун озу ойлобосо жеп жутарлар ойлобойт элди
+17
Ermekbai
2018-04-17 23:20:51
Эу сот тезинен коёбер
+9
aman0296
2018-04-18 00:53:39
Ermekbai,хоп хан ава
0
haydarkan
2018-04-17 23:38:30
ХХХХХХ. Ошол ХХХХХХХХХХх
+3
shankol88
2018-04-18 00:02:43
Бошоткула алар коп жолу ескерткен акыры ортоштуда...
+5
jbolotov
2018-04-18 01:15:09
Эми бул жергиликтуу тургундар оз мудоолорун айтышкан болчу,аларды бийлик уккан жок, уруксатсыз иштеп, жашыруун махинация кылып мамлекетибизге зыяндан башкасы жок компанияны кубалап мекенин коргогондорду мен баатырлар деп ойлойм, 7 апрель бийлик талашкандарга курал болуп олуп кеткендерге орден бербей ушул адамдарга бериш керек,нак элдик демократия болду.
+2
fantomas
2018-04-18 01:57:39
Элди эмес, сотторду, акимдерди, Окмот мучолорун, Жогорку Кенеш депутаттарын камоо керек болуучу......

Мына сага адилетсиздик!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан