Ноокатта кыздарга жолугууга барып сабалган 2 адамдын окуясы боюнча жергиликтүү милициянын 3 жетекчиси кызматынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуяга байланыштуу 2 жетекчи кызматынан алынса, 1 жетекчи өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
"Ноокатта 2 адамдын сабалып, анын бири каза болгон окуя боюнча жергиликтүү милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө дайындалган болчу. Анын натыйжасында Ноокат РИИБинин башчысы жана Тергөө кызматынын бөлүм башчысы кызматынан алынды. Ал эми окуя орун алган айылды көзөмөлдөгөн Жаңы Ноокат айылындагы бөлүмдүн жетекчиси өз каалоосу менен кызматынан кетти", - дейт басма сөз катчы.
Эске салсак, окурман Ноокатта 50дөй адам кыз-жигитти ур-токмокко алганын, биринин абалы оор экенин кабарлаган. Андан кийин милициядан бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалган. Көп өтпөй аталган айылга кыз менен жолугуу үчүн келген дагы бир жигит сабалып, алган жаракатынан улам каза болгону маалым болгон. Кийин аталган окуяга байланыштуу Ноокат РИИБинин кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө дайындалган.