26-декабрга караган түнү Катардын Доха шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Катар курамасы менен беттешти.
Бул беттеш Азия Кубогуна даярдануу максатындагы өткөрүлүп жаткан окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында өттү. Беттеш 1:0 эсебинде Катардын жеңиши менен аяктады.
Оюн эки тараптын келишими боюнча жабык тартипте, көрүүчүлөр жана журналисттерсиз өткөн.
Кыргыз улуттук курама командасы 7-декабрдан тарта Катарда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат. Кыргыз футболчулар 20-декабрда Иордания менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңип алган. Ошондой эле Кыргыз курамасы 31-декабрда Палестина курамасы менен беттешет.
Ал эми Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 2-февралда жыйынтыкталат.