"Бишкек ЖЭБдеги күмөндүү жагдайды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу даяр", - деди аталган комиссиянын төрагасы Улан Примов.
Бүгүн, 7-майда Примовдун иш бөлмөсүндө депутаттык комиссиянын жабык жыйыны өттү.
"Депутаттык комиссиянын корутундусу даяр, бирок айрым мүчө депутаттар "сунуштар бар" дегенинен алардын сунушун угуп, талкууладык. Жыйынтыгында корутундуга алардын да сунушун киргизе турган болдук. Депутаттык комиссия экиге бөлүнүп кетиптир деген жаңылыштык, андай болгон жок, баарыбыздын пикирибиз бир. Бүгүн толуктоолорду киргизип, эртең депутаттык комиссиянын 12 мүчөсүнүн бардыгы кол коюп, жыйынтык даяр болот.
Бул маселе бир же эки эле адамга тиешелүү эмес. Көлөмдүү иш болгон, артында канчалаган министрлер, энергетика тармагындагы жетекчилер иштеген. Депутаттык комиссиянын корутундусунда тиешеси бар адамдардын бардыгынын аттары камтылат", - деди Примов.
Айта кетсек, 2-майда ЖЭБ окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусуна анын айрым мүчөлөрү кол коюудан баш тартышканы белгилүү болгон. Мисалы, депутат Алмазбек Токторов корутунду ЖЭБдеги кырдаалга күнөөлүү жетекчилерди актагандай жазылып калды деген пикирин айткан. Сунушу корутундуга кирбей калгандыктан документке кол коюудан баш тартканын Акылбек Жамангулов да айтып чыккан. Дал ушул депутат ЖЭБди жаңылоодо кадимки видеобайкоо жүргүзүүчү камералар 14 миӊ доллардан алынды деп жазылганын, бул баалар базар баасынан эселеп кымбат көрсөтүлгөнүн айтып чыккан эле.