Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кароо уланууда.
9:30. Парламент жыйыны башталды. Залда 101 депутат каттоодон өттү. Жыйындын күн тартиби кошумча-алымчасы менен кабыл алынды.
9:35. Спикер Дастан Жумабеков ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин кортундусун угуу улантыларын айтты.
9:40. Депутаттык комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге "келишим түзүлгөн учурдагы жетекчи катары бардык жоопкерчиликти моюнуңузга ала аласызбы?" - деп сурады.
Сатыбалдиев ага: "Биринчиден, ЖЭБди куруу процесси чоң этаптардан турат. Инвестиция тартуу боюнча менин өкмөтүм ошол убактагы мыйзамдарга ылайык иш алып барды деп терең ишенем", - деп жооп берди.
9:45. Депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов ЖЭБ боюнча пикир билдирүү үчүн борбордук трибунага чыкты.
9:48. Депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов ЖЭБ үчүн 386 миллион доллар насыя алуу боюнча келишим түзүлүп жатканда Кыргыз тарап жетишерлик деңгээлде өлкө кызыкчылыгын коргой албагандыгын айтты.
9:55. Акылбек Жамангулов: "600 долларлык кычкач" делген шаймандар топтомун базарда 2500 сомго тапса болот".
10:00. Депутат Алтынбек Сулайманов буга чейинки жыйында ЖЭБ башчысы депутаттарга "600 долларлык кычкач" деп көрсөткөн шаймандар топтомун тергөөчүлөргө берүүнү сунуштады.
10:15. Депутат Талант Мамытов ЖЭБ чуусу боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду сынга алды. "Жоопкерчиликтен качпай, күнөөнү моюнга алыш керек", - деди Мамытов.
Сапар Исаков элден кечирим сураганын эскертип, "эч качан жоопкерчиликтен качкан эмесмин" деп жооп берди.
10:23. Депутат Алмамбет Шыкмаматов УКМК ЖЭБ боюнча маселеде шалаакылык кылганын айтты. "ЖЭБге шаймандар бажыдан өткөндө УКМКга документ тиет. Ошондо эмнеге кымбат келип жатат деп коңгуроону каккан эмес? 386 миллион доллар алууда кимдердин кызыкчылыгы болгонун аныкташыбыз керек", - деди Шыкмаматов.
10:30. Депутат Камчыбек Жолдошбаев атайын фонд түзүп, Кытайга болгон карыздан кутулууну сунуштады.
"Кыргыз эли Манас өлгөндөй болуп турат да. Эми Манас өлүп калса да кошо турганыңарды кошмоксуңар. Манасты өлтүргөн Кытай бизди аяп коёт беле? Байлар, өзүбүз эле акча топтоп Кытайдан алган карызыбыздан кутулалы. Акчаны бериш керек, бербесеңер "караларга" бересиңер. Бул жерде коррупция болгону көрүнүп турат", - деди Камчыбек Жолдошбаев.
10:50. Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова Кыргыз өлкөсү Кытайдан алган 386 миллион карыз үчүн 493 миллион доллар кайтарып бериши керектигин айтты. "Бул карыздан 20 жыл ичинде кутулушубуз керек. Карыздын негизги бөлүгүн кайтаруу 2023-2024-жылдары башталат", - деди Лаврова.
Мындан тышкары учурда Кыргыз тарап пайыздарды төлөп жатканы белгилүү болду.
11:15. 15 мүнөттүк танапис жарыяланды.
11:30. Танапис аяктады. Жыйын уланууда.
11:35. Экологиялык жана техникалык инспекциянын директору Канатбек Муратбеков ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгү 2017-жылдын 7-июнунда толук кабыл алынганын айтты.
11:50. "Электр станциялары" ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары ЖЭБди модернизациялоо 3 этап менен кабыл алынганын айтты. "Модернизация бүтө элек. Химиялык суу тазалоочу цех быйыл курулат. Азыр 386 миллион доллардын 25,5 миллион доллары калды. Анын 6 миллион доллары аталган цехке сарпталат", - деди ал.
Ал эми Экологиялык техникалык инспекциянын директору ЖЭБди модернизациялоо иши бүткөнүн айтып, химиялык суу тазалоочу цехти куруу бул долбоорго кирбегенин билдирди.
12:00. Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев: "Инвестиция алып келингенине биздин өкмөт жооп берет. Кабыл алууга ошол учурдагы өкмөт жооп берсин. Демонтаж иштерине да акча кетти. Жаңы жерге курсак, аз акча кетет эле. Биз салыштырмалуу түрдө кошуна өлкөлөрдүкүнөн арзан акчага курганбыз", - деди Сатыбалдиев.
Депутат Алтынбек Сулайманов ЖЭБди модернизациялоо иши талкууланып жатканда өкмөт башчынын "ЖЭБди жаңы жерге курса кымбат түшөт" деп айтканын эстетти.
Ал эми парламенттин мурдагы чакырылышынын отурумунда модернизация кылууну талкуулап жатканда ЖЭБди эски ордуна курууга каршы чыккан депутат Дастан Жумабеков: "Мен Бишкектин түштүк жагына курсак арзан болот деп улуу трибунадан айтканмын", - деп эскертти.
12:15. Депутат Төрөбай Зулпукаров экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2013-жылы парламенттен ЖЭБ боюнча мыйзам долбоорун 3 окууда колдоп берүүнү суранганын эске салды. Сатыбалдиев депутат менен макул болуп, ар бир депутатка келип суранбаганын баса белгиледи.
12:30. Депутат Жыргалбек Турускулов Сапар Исаковго "120 депутатты "саясий өлүк" деп атадыңыз" деп эске салды.
Исаков: "Мен 120 депутат деп айткан эмесмин. Мен парламент дегем. Сиз оппозицияда элеңиз. Сизге тиешеси жок болчу. Кечирип коюңуз", - деди.
13:00. Парламент спикери бир сааттык танапис жарыялады.
14:00. Танапис аяктады, бирок депутаттар чогула элек.
14:15. Жыйын башталды.
14:18. Депутат Эмил Токтошев чакырылган премьерлерден "депутаттык комиссиянын корутундусуна макулсуздарбы?" деп сурады. Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков корутундуга макул экенин айтып, бирок айрым кошумча-алымчалары бар экенин билдиришти.
14:45. Депутат Мурадыл Мадеминов: "20 жылда келтирилген кемчиликти Алмазбек Атамбаев 6 жылда жойду. 20 жыл биз Өзбекстанга көз каранды болуп турдук. Бул жактан бир депутатыбыз экс-президентти кол тийбестигинен ажыраталы деп жатат. Ал депутат 1985-жылы Министрлер кеңешинин дачасында жашаганда биз талон менен жашаганбыз. Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш жасап берди. Муну убакыт тастыктап көрсөтөт", - деди Мадеминов.
15:00. Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынына азыркы жана мурдагы президентти чакыруу керектигин айтты. "Жогорку Кеңештин отуруму сот отурумуна окшоп турат. "Анан базарком" деген сөзгө арданып жатабыз. Эмне калппы? ЖЭБге кеткен акчаны жеп койду деп аткаруучу 7 бала камалып отурат. Башкаруучулар башка жакта отурат. Эркиңер жетеби, экс-президентти да президентти да өкмөт башчыны да чакыргыла", - деди Момбеков.
15:25. Депутат Мирлан Бакиров экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевден СМЕС менен ТВЕАнын сунуштарынын айырмасын сурады. Сатыбалдиев “СМЕС 356 миллион доллар, ТВЕА 386 миллион доллар сунуштаган”, - деп жооп берди. Ошондой эле ал СМЕСте айрым кызматтар каралган эместигин билдирди.
15:45. Депутат Зарылбек Рысалиев экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевге суроо узатты. "Кыргыз өлкөсүндөгү эң коркунучтуу адам ким?" деген суроого 10 күндөн бери жооп издейм. Ошонун башкы сабында, урматтуу Жантөрө Жолдошевич, сиз турасыз. 3 мамлекеттик дирекцияны башкарыпсыз. Сиз баштаган бардык жерде ызы-чуу. Сиз бул жерде отуруп алып акыл үйрөтүп жатасыз. "Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү" деген сөз бар. Мен сизге дөөлөттүү карылыкты каалайт элем.
Уят! Жегениңерди 120 депутат көрмөксөн болуш керекпи? Анан чыгып алып депуттар андай экен, мындай экен деп интервью бересиңер", - деди Рысалиев.
Сатыбалдиев ал баштаган дирекциялар жакшы иштегенин айтты. "Мен пикириңизге каршымын. Мен башкарган дирекцияларда эч кандай кылмыш иши болгон эмес. Ош-Жалал-Абадды калыбына келтирүүдө кемчиликтер бар экенин моюнума алам. Бирок жөндөн-жөн эле жамандай берген туура эмес. Сиз билген нерселерди укук коргоо органдарына бериңиз", - деди Сатыбалдиев.
Ал эми Рысалиев Сатыбалдиевге: "Балтыр бит башка чыгат" деп коёт кыргызда. Амалдуу киши сизсиз, акылдуу киши сизсиз. Ийгилик каалайм сизге", - деп кайрылды.
16:00. Депутат Алтынбек Сулайманов ЖЭБди жаңылоого насыяны дүйнөлүк банктардан алууга болбойт беле деп кызыкты. "Карыз алуу боюнча кайсы дүйнөлүк банктар менен сүйлөштүңөр? Бизге акча бербейт деп неге айтып жатасыз? Документ көрсөтө аласыңарбы?" - деп сурады депутат.
Экс-премьер Темир Сариев Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкы лимитке жетти деп акча бербей койгонун айтты.
"Албетте, карызыбыз ИДПнын 60 пайызынан ашып кетсе, насыяны эч ким бербейт да. Мурда 40 пайыз болчу. Ошондо алсаңар болмок. Уялбайсызбы? Бул жакта да сабаттуулар эле отурабыз", - деди Сулайманов.
16:08. 15 мүнөттүк танапис жарыяланды.
16:25. Танапис аяктады.
16:40. Вице-спикер Асел Кодуранова: "Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев жол курууга акча тапты, ЖЭБди модернизациялоого каражат тапты. Бул жерде Атамбаевдин да, Жээнбековдун да аты аталып жатат. Келгиле анда, аларды да чакыралы. Маселени объективдүү карайлы да".
17:00. Депутат Каныбек Иманалиев борбордук трибунага чыгып, Сапар Исаковду сынга алды. "Биз ким канча уурдаган дегенге жооп таба албай келе жатабыз. Биз баарыбыз президенттин тапшырмасын мыйзамдаштырып бергенбиз. Ошондо эле баасы чечилген. Бүгүн парламент саясий эркин көрсөтүп жатат. Ким уурдаган? Мен күмөнүмдү гана айтам.
2009-жылы Сапар Исаков Максим Бакиевдин командасы менен Кытайга барган. Кытайдын өкүлү 2013-2017-жылга чейин Сапар Исаковго 10 жолу, кийинки өкүлүнө 8 жолу жолуккан. Эмнеге алар Темир Сариевге кирбейт? Баасы 50 миллион долларлык долбоорлордон чыр чыкса, сөзсүз түрдө Исаковдун аты чыгат. "Чайна Роуддун" Кыргыз өлкөсүндөгү куратору - Сапар Исаков.
Мен укук коргоо органдарына кайрылам. Чечимде Сапар Исаковдун кылмыштуулукка тиешеси бар экени өзүнчө көрсөтүлүшү керек. Биз Кытай парламентине кайрылып бирге иликтешибиз керек. "Кумтөр", "Датка-Кемин", Түндүк-Түштүк альтернитивдүү жолу боюнча да комиссия түзүлсүн. Биз ушул иштерибиз менен тарыхта калабыз", - деди Иманалиев.
17:15. Сапар Исаков депутат Каныбек Иманалиевдин айтканы боюнча төмөнкүдөй жооп берди. "Биринчиден Иманалиев бизди кат аркылуу компанияны таңуулаган деп айтып жатат. Биз болгону маалыматты президентке жеткирип жатабыз. Биз баары менен жолугабыз. Кийин президентке маалымат берилет", - деди Исаков.
Андан соң ал депутатка кайрылып: "Сапар Исаков - коррупционер" деп айтып жатасыз. Сиз фактыларды келтирип айтыңыз. Мен коррупцияга малынган эмесмин, малынбайм дагы. Мен ар бир суроого жооп берем. Мен ар бир күнөөлөгөнүңүздү четке кагам", - деди.
17:40. Депутат Айтмамат Назаров энергетикалык тармактагы жетекчиликтердин аталыштары өзгөргөнү менен пайдасы болбой жатканын айтты. "Мамлекеттин карызы 4 миллиард доллардан ашты. Анын жарымы энергетикалык тармакка кеткен. Бул карыздарды кантип төлөйбүз?" - деп чиновниктерден сурады.
Алардан так жооп ала албаган соң, Назаров "акчаны алып, төлөөнү ойлонбогонсуңар" деп сынга алды.
18:05. Жогорку Кеңештин жыйыны аяктады. Маселени кароо эртең, 17-майда саат 9:30да уланмай болду.
Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун талкуулоодо (9:30 - 11:15)
Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун талкуулоодо (11:30 - 13:00)
Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун талкуулоодо (14:15 - 16:08)
Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун талкуулоодо (16:25 - 18:05)