Мурдагы министрлер Бишкек ЖЭБге 386 миллион доллар насыя алуу боюнча келишим кандай кабыл алынганын унутуп калышкандарын айтышты

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн 386 миллион доллар насыя алуу боюнча келишим кандай кабыл алынганын унутуп калышкандарын айтышты.

Мурдагы министрлер көп убакыт өткөндүгүн айтып, келишим кандай шартта кабыл алынганын айта алышкан жок.

"Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алуу боюнча өкмөттүн жыйыны болгон болбогонун сурап ошол кездеги өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды. Ошол учурда Каржы министрлигин жетектеп турган Ольга Лаврова бул жагдайлар анын эсинде жоктугун айтты.

"Мен андай жыйында катышкан эмесмин. Балким анчалык чоң эмес жыйын болгондур. Менин орун басарларымдын бири катышкан болуш керек. Анын баарын карап чыгуу зарыл", - деди Лаврова.

Ал эми энергетика министрлигин ошол учурда жетектеген Осмонбек Артыкбаев бул чечим кантип кабыл алынганын айтып бере алган жок.

"Менин эсимде жок. Ошол учурдагы стенограммаларды карап чыгыш керек. Биз адамдар көп нерселерди эсте сактап кала албайт экенбиз", - деди Артыкбаев.

Мыктыбек Адылдаев экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди чакырууну сунуштады.

"Бизге Жантөрө Сатыбалдиев келип айтып бериш керек. Бул келишимге ал өзү кол койдубу же көпчүлүк чечим менен кабыл алышканбы? ЖЭБдин кызматкерлерин бурчка такай бербестен, жогорку кызмат адамдарынан сурайлы", - деди Абдылдаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан