Бүгүн, 2-апрелде Бишкек ЖЭБдеги авариялык кырдаалдын себебин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтөт. Ага комиссия курамына кирген депутаттар, өкмөт мүчөлөрү катышып, 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авариянын себептерин талкууга алышат. КСДП фракциясынан депутат Улан Примов ЖЭБге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ушул жуманын ичинде иликтөө ишин аяктай турганын айткан.
Белгилей кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта КСДП партиясынын курултайынан кийин өткөргөн маалымат жыйынында ЖЭБдеги аварияга президент Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөт жоопкер экендигин айткан.
Депутаттык комиссиянын буга чейинки жыйындарында ЖЭБди жаңылоо иштерин жүргүзүүгө сметалык долбоордун жок болгону, ага керектелүүчү жабдыктар өтө жогорку баа менен сатылып алганы ачыкка чыккан.