Кожобек Рыспаев: "386 миллион долларга модернизацияланган ЖЭБ толук бүткөн эмес"

386 миллион долларга модернизацияланган Бишкек жылуулук электр борбору толук бүткөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеште журналисттер менен жолугушууда депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

Эл өкүлү тийиштүү кызматкерлер ЖЭБдин бүтүргөнүн айтканы менен, иш аягына чыкпаганын белгиледи.

"ЖЭБдин абалын Кудай сактасын, ушул абалда кетсек, жакын арада жылуу суу жок калышыбыз мүмкүн. Анткени 1964-жылы курулгандыктан тетиктеринин баары эски. Бизди таң калтырганы, бизде жаңы ЖЭБ курулуп, анын ачылышы болуп, ишке киргенден кийин тиешелүү органдар иштеди дегенден кийин бир агрегаты иштебей, эски от казандар иштеген. Биз эмне үчүн эскилерди иштетип, жаңыны кармап отурганына кызыктык. Акырында ошол ЖЭБдин модернизациясы толук оңдолуп бүттү дегени менен, химиялык блогу бүтө элек экен. Таза сууну алып келип буу казандарга куюшу керек. Ал жерде ошол блок курулбаптыр. Эртең менен бир эле блок иштеп жаткан, жаңы ЖЭБ салынбаганда чоң кырсык болмок. Ал эми канча акча кеткени экинчи маселе", - деди Рыспаев.

Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган.

Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
pixduel1
2018-02-02 13:51:36
Акча биринен бирине отуп копейкага арзан нерсе коюлганда! Мындай жомокторду эл уга берип кулактары уккусу келбей калган,шылтоонорду койгулачы ! Дагы шугур кылгыла эл чыдамкай!
0
jbolotov
2018-02-02 15:00:16
Оз мекеним учун деп ак кызмат кылгандар жок экенда, 386 млн эмне деген акчалар, чет олкодон эксперттерди чакырып аудит кылып корушсо болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан