Кубанычбек Кулматов ТВЕА компаниясы берген акчага салынган мектеп боюнча УКМКга сурак берип чыкты

Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов 11-майда УКМКга сурак берип чыкты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, УКМКга Бишкектин мэри болуп турган учурунда кытайлык ТВЕА компаниясы берген акчанын эсебинен салынган мектеп боюнча чакыртылганын билдирди.

"Суроолор ТВЕА компаниясы грант катары берген акчага салынган мектеп боюнча болду. Башка эч кандай маселе болгон жок. Берилген каражатка Калыс-Ордо конушуна мектеп салынган. Баары мыйзамдуу болгон, балдар окуусун улантууда. Кылмыш иши козголгон эмес", - деди Кулматов.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордо жаңы конушунда курулган №86-мектепке Кытайдан алынган гранттын эсебинен 2 миллион доллар жумшалган. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуштун жетекчиси Сталбек Өмүрканов 2 миллион доллар жетпей калып, Бишкек мэриясы 104 миллион сом бөлүп бергенин билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TazaKyrgyz
2018-05-11 15:49:40
УКМКга сурак берген жон эле показуха. Уже акыркы учурда Сокенин элди алдоо жолу деп тушунуп атам,Раим миллиондон кийин!!!
0
Adiletia
2018-05-12 08:51:24
TazaKyrgyz, туура, мен деле ишенбейм аша менен бир дагы эле. аша күл десе күлөт, ыйла десе ыйлайт, үр десе үрөт. Болбосо ушунча косягы менен ашаны сразу эле камаш керек болчу
0
jakilik
2018-05-12 12:00:05
Ушул киши ээрден түшпөй койду деги эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан