Сот Кубанычбек Кулматовду дагы бир айга камакка калтырды. Жактоочусу сот мыйзам бузганын айтууда

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тергөө абагында жаткан Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Муну менен Кулматовдун камакта калуусу 3-ирет узартылып жатканын жактоочусу Сергей Слесарев SUPER.KG'ге кабарлады. Жактоочу сот ишти кароодо мыйзам бузуп жатканын кошумчалады.

"Райондук сот Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартты. Муну менен сот анын камакта калуусун 3 ирет узартты. Алгач баш коргоо чарасы каралып, 1 айга тергөө абагына камалган. Ал мөөнөтү аягына чыкканда 2 айга, кийин дагы 1 айга узарткан. Бүгүн дагы бир айга узартып койду. Сот биздин өтүнүчтөрдү четке кагып, тергөөчүлөрдүкүн гана канаттандырып жатат. Тергөөчүлөр себебин "мектеп боюнча экспертиза жүрүп жатат, ал азырынча жыйынтыктала элек" деп жүйө келтирип жатышат. Анын Кулматовго эмне тиешеси бар экенин түшүндүрүшпөйт. Отурумда сот ишти бир тараптуу карап, объективдүүлүккө маани бербей жатат. Башкача айтканда, соттор мыйзам негизинде иш алып барбай жатат", - деди Слесарев.

Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда. Ага ушул жылдын 14-июнунда "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен дагы бир кылмыш иши козголгон.

Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан