Бажы кызматынын мурдагы башчысы, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш ишинин алкагында анын мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.
Кулматовго 18-май күнү "коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган.
Буга чейин маалымдалгандай, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
11-майда Кубанычбек Кулматов УКМК тарабынан суракка чакырылган, эмне маселенин негизинде чакырылганы боюнча аталган мекеме комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал эми сурактан чыккан Кулматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Суроолор ТВЕА компаниясы грант катары берген акчага салынган мектеп боюнча болду. Башка эч кандай маселе болгон жок. Берилген каражатка Калыс-Ордо конушунда мектеп салынган. Баары мыйзамдуу болгон, балдар окуусун улантууда. Кылмыш иши козголгон эмес", - деген Кулматов.
Белгилей кетсек, Калыс-Ордо жаңы конушунда курулган №86-мектепке Кытайдан алынган гранттын эсебинен 2 миллион доллар жумшалган. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов 2 миллион доллар жетпей калып, Бишкек мэриясы 104 миллион сом бөлүп бергенин билдирген.