Бишкектин экс-мэри, Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубаныбек Кулматовдун жактоочусу райондук соттун камакка алуу боюнча чечимине нааразы болуп Жогорку Сотко арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДП партиясынан кабарлашты.Эске салсак, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.