Кубанычбек Кулматов Жаңы жылга чейин камакта кала турган болду

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов 2018-жылдын 31-декабрына чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Окуянын чоо-жайы:

18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алкагында ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылган.

5-июнда ал УКМК тарабынан камакка алынган.

14-июнда ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп, ал "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелеринин негизинде ачылган. УКМК Кулматов Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деп маалымат тараткан. Кубанычбек Кулматов ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан