КҮНСОБОЛ: Сапар Исаков ЖЭБдеги окуя боюнча бардыгы жооп бериши керек деди. Анын айтканын туура деп эсептейсизби?

КСДПнын төрагасынын орун басары Сапар Исаков Бишкек жылуулук борборундагы кырсык үчүн бардыгы, алардын катарында президент Сооронбай Жээнбеков да жооп бериши керектигин айткан. Анын билдирүүсүндө: ыйыл январда болгон өндүрүштүк кырсык үчүн ЖЭБдин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулунан тартып Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаков да жооп бериши керек деп эсептейм. Анткени 2017-2018-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдануу иши жүргүзүлгөн учурдагы бардык деңгээлдеги жетекчилер жооптуу", - деп айтылат.

Ушул маселенин негизинде SUPER.KG порталы собол салып, саясий айдыңдагы бир катар белгилүү инсандардан жооп алды.

БЕКНАЗАРОВ: "Азыр Атамбаевди саткандар эртең Сооронбай Жээнбековду сатат"

Саясий ишмер Азимбек Бекназаровдун пикиринде, ЖЭБдеги окуя боюнча жогорку кызматтагы бардык адамдар жооп бериши керек, ошондой эле ал парламент дагы жооптуу экенин белгиледи. "Биринчи кезекте парламент өзү жоопкерчилик алыш керек, анткени бардык келишимдерди мыйзам түрүндө кабыл алышкан, а мыйзамдын аткарылышын парламент өзү көзөмөлдөйт. Өздөрүнүн функциясын так аткарбаганы үчүн парламент саясий жоопкерчиликти моюнуна алыш керек, туура эмес аткарганы үчүн өкмөт моюнуна алыш керек, бул мыйзамдын талабы. Баарын Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаковго көңтөрүп салабыз деген туура эмес. Атамбаев учурунда өзү депутат, өзү сот, өзү прокурор болду, баарын өзү башкарды. Эми ошол Атамбаевдин буйругун аткарган адамдар да жоопкерчилик алыш керек, өзүнүн милдетин так аткарышкан жок. Эми ошолор жаңы бийликке жакшы көрүнүп жатканы дагы туура эмес. Учурунда Атамбаевге "пешка" болгондон кийин аягына чейин пешка болсун, кеткенден кийин көө жаппай. Сапар Исаковдун мурдагы кожоюнун сатпай жатканы - эркекчилик. Азыр Атамбаевди саткандар эртең Сооронбай Жээнбековду сатат.

Биздин өлкөдө парламенттик систем болгон соң парламент да жоопкерчиликти өзүнө алыш керек, элге отчёт болуш зарыл. Атамбаевдин учурундагы 6 өкмөт башчы да жооп бериши керек", - деди Бекназаров.

МАСАЛИЕВ: "Акчаны алганыбыз туура эле, аткарылышы кыйшык болуп калды"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев ЖЭБди жаңылоо долбоорунун башатын карап, ошол жердеги маселелерге маани бериш керек деген ойдо. "ЖЭБдин долбоорунун башатында президенттик аппараттын бөлүм башчылары Сапар Исаков менен Нурсулуу Ахметова негиздеме даярдашкан. Анан мурунку өлкө башчы өкмөттүн башчысына эмес, министрлерге буйрук берип жатат. Демек, "ушулар демөөрчүлөр жана демилгечилер" деп айтсак, ката болбойт. Долбоор керек болчу, акчаны алганыбыз туура эле, бирок аткарылышы кыйшык болуп калды.

15 депутат компаниянын эсебинен чет өлкөгө барып келген, алардын да жоопкерчилигин караш керек. Ал эми парламент өкмөттүн "жаңы ЖЭБ болот" деп сайрап бергенин колдоп берген. Андан кийинки ишти аткаруу бийлиги көзөмөлдөшү керек эле.

Башында 386 миллион долларга куруп бересиңер деп келишим түзүлгөн, алар алтындан курабы, ылайдан курабы, биз эч кандай буйрук бере албайт элек, себеби келишим түзүлгөн. Техникалардын баасынын кымбат болушу башынан сүйлөшүлгөн, а келишимде ар бирин карап турабыз деп түзүлгөндө, кийинки өкмөт башчылардын моюнуна "сен карабай койдуң" деп койсок болмок. Мен негизинен башатына карап жатам, башатынан тескери кетсе, калганын сурабай эле коюш керек, сураганда да жоопкерчиликтин көлөмү башкача", - деди Масалиев.

РЫСПАЕВ: "600 долларга кычкач алса, аткаруу бийлиги каякты карап турган"

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев бул маселеде ким жооптуу экенин тиешелүү органдар гана аныктайт деген ойдо. "Бул нерсе укук коргоо органдары аныктай турган маселе. Ал эми Жогорку Кеңеш бюджет менен иши жок, келишимди парламент ратификациялагандан кийин аны аткаруу бийлиги аткарат. Аткаруу бийлиги акчаны жеп алса, көзөмөлдөбөсө, кимдер жоопкерчилик аларын билесиңер да, ошолор жооп берсин. 14 миң долларга көзөмөл камера алса, 600 долларга кычкач алса, аткаруу бийлиги каякты карап турган? Бул деген насыяга келген акча да. Ким күнөөлүү болсо ошол жооп берсин!" - деди Рыспаев.

САРИЕВ: "Сапар Исаковго караганда Жантөрө Сатыбалдиевдин күнөөсү көбүрөөк"

Саясат таануучу Марс Сариев бардык жагдайды карап чыкпаса, маселе бир жактуу чечилип каларын айтты. "Сапар Исаков туура айтып жатат. Башында бул долбоорго Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаевдин учурларында кол коюлуп башталбады беле? Ошондой эле Кытайга кайсы депутаттар иш сапары менен барып, кол койгонун баарын казып чыгыш керек. Баарын иликтеп, тегиз карабаса, бир жактуу эле болуп калат, Сапар Исаковго караганда Жантөрө Сатыбалдиевдин күнөөсү көбүрөөк, алар биринчи кол койгон. Бийликте турабы, оппозицияда болобу, бул маселеде иликтөө тегиз жүрүшү керек", - дейт Сариев.

ТУРДУКУЛОВ: "Сапар Исаковдун Сооронбай Жээнбеков тарапка мындай сөздү айтканы адамгерчиликке жатпайт"

Активист Адил Турдукуловдун айтымында, УКМКнын Сапар Исаковду суракка чакырып жатканында жүйөлүү себептер болушу мүмкүн. "Сапар Исаков бул нерсени эмнеге таянып айтып жатканы мага түшүнүксүз болуп жатат. Сапар Исаковдун Сооронбай Жээнбеков тарапка мындай сөздү айтканы адамгерчиликке жатпайт. Себеби Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенде "иштеше алабыз, көптөгөн пландарды ишке ашырабыз" деп убада берген. Ортодон 2-3 ай өтпөй кайра жамандап жатканы туура эмес болуп калат. Алдын ала бирөөнү күнөөлүү деп айтуу жаңылыштык, менин билишимче, ал убакта Сооронбай Жээнбеков Оштун губернатору болгон. ЖЭБдеги окуя боюнча эң биринчи жооптуу адамдар - бул долбоордун башталгандагы өкмөттү жетектеп турган жана ТВЕА компаниясын тандаган адамдар.

Сапар Исаков ал учурда (президенттик аппаратта тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган – ред.) экономикалык иштерге аралашып, өз укугунан ашкере пайдаланып эч кандай тендер өткөрбөй туруп ТВЕАны татыктуу деп Атамбаевге жазган каты да чыкты. Бул жерде кандайдыр бир жашыруун кызыкчылык бар экени көрүнүп турат. Ошондуктан УКМК Сапар Исаковду чакырып жатканынын да жүйөлүү себептери бар болушу керек.

Премьер-министрлердин жоопкерчилиги тууралуу айта турган болсок, алар ошол өздөрү өкмөт башчы болуп тургандагы гана учурга жооп бериши мүмкүн. Кийинки келген ар бир өкмөт башчы башта түзүлгөн келишимди жокко чыгарып, жаңы чечимди чыгарууга укугу жок болчу. Ошондуктан башында кимдин тиешеси болсо, ошол адамдар жоопкерчиликке тартылыш керек", - деди Турдукулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан