Акыркы 2 жуманын ичинде өлкөдө уран маселеси эң орчундуу болууда. Жүздөгөн жарандар уран казууга каршы митингдерге чыгып, кенде ишти токтотууну талап кылып жатышат. Ошол эле учурда бул тема боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун үн катпай жатканы, өкмөттүн айткан сөздөрүндө дал келбестиктер болуп жатканы, Кызыл-Омполдо уран тымызын казылып келген деп айтылганы коомдо нааразычылыктарды күчөтүүдө.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз жеринде уран казуу артында чоң саясат турушу мүмкүнбү?" деген собол салды.
БЕКЕШЕВ: “Уран маселеси өтө саясатташып кетти”

Жогорку Кеңештин депутаты
Дастан Бекешевдин айтымында, учурда уран чуусун колдонуп саясатчылар митингге чыгууда.
"Бул маселе бүткөн, депутаттар мыйзам долбоорун чыгарышты, өкмөт да колдоп жатат. Бирок маселе бүткөнү менен бүгүнкү күнгө чейин митингдер токтобой жатат. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган, маселе жабылган, анан митингдер кандай максатта чыгып жатканы кызык болууда. Учурда уранды чалгындоого 100 жылга мораторий киргизүү сунушталып жатат, кенди иштетүүгө биротоло тыюу салуу да демилгеленүүдө. Уранга каршы сунуштар колдоого алынат, мен бул жерде көйгөй көрбөй жатам”, - дейт Бекешев.
СУЛАЙМАНОВ: “Уран чуусунун артында чоң саясат барбы же жокпу - мени анча кызыктырбайт”

Жогорку Кеңештин депутаты
Алтынбек Сулайманов уран маселеси боюнча кыскача эле ой-пикирин билдирди. Ал Кыргыз жергесинде уран изилдөөнү жана казууну токтотуу керектигин айтты.
“Уран казуу артында чоң саясат турушу мүмкүнбү?" деген мени азыраак кызыктырат. Биз уран изилдөөнү жана казууну токтобуз”, - деди Сулайманов.
МАМАТАЛИЕВ: “Уран темасын ар бир саясий күч өз кызыкчылыгына колдонууга өттү”

Жогорку Кеңештин депутаты
Марлен Маматалиевдин айтымында, өлкө аймагында уранды чалгындоого тыюу салуу зарыл.
“Чоң саясатта ички саясат бар, анын алкагында бир тарап экинчи тарапты күнөөлөгөндү курал катары колдонуп калды. Уран өтө зыяндуу экени баарыбызга белгилүү. Элде патриоттук сезимдер ойгонуп жатканы эң туура, бирок ошол эле учурда курал катары колдонуп жатышканы өкүнүчтүү. Ар бир күч бул теманы өз кызыкчылыгына колдонууга өттү. Ал эми айрымдары өзүн пиарлоо үчүн да колдонууда. Бул көрүнүш туура эмес деген ойдомун.
Менин жеке пикиримде, уранды казууга 70 жылдык мораторий эмес, өлкө аймагында чалгындоого тыюу салуу керек. Кандай гана заманбап технологиялар менен казылбасын, баары ойдогудай жакшы болбойт. Себеби урандын зыяны адамдарга да, жерге да тиет. Келечек муун үчүн уран темасын Кыргыз өлкөсү үчүн жабык кылып коюу керек. Мындан сырткары чылгындоого убагында экологиялык экспертизасыз уруксат берилген болсо, тиешелүү адистер жоопкерчиликке тартылууга тийиш”, - дейт Маматалиев.
ЖЭЭНБЕКОВ: “Уран - бул чоң саясий маселе деп айтканга эки себеп бар”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты
Равшан Жээнбеков уран темасы эмнеге чоң саясий маселе экенин түшүндүрдү.
“Биринчиден, уран маселесин бийлик өкүлдөрүнүн бардыгы билишет. Экинчиден, Владимир Путин Кыргыз мамлекетине расмий сапары менен келгенде мамлекеттер ортосунда эки тараптуу келишимге кол коюлган. Бул боюнча Кремль да, Орусиянын президенти да билет. Ошондуктан уран бул чоң маанилүү саясий маселе деп айтсак туура болот”, - дейт Жээнбеков.
КАЧКЫНБАЕВ: “Уран маселесинин артында аябай чоң саясат турат”
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев уран маселесин кантип туура чечүү керектигин айтты. “Уран маселесинин артында аябай чоң саясат турганы көрүнүктүү болуп жатат, бирок майда-чүйдөлөрүн айта албайм. Эгер айтсам, бирөөнүн короосуна таш ыргыткандай болуп калам.
Жакында Бишкекке Владимир Путин келип кеткен. Ошондо бир нече документтерге кол коюлган, бирок эмнелерге кол коюлганы айтылган эмес. Ошолордун бири уран боюнча документ болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Буга чейин деле мурдагы президенттердин учурунда кол коюлган деп да айтылууда.
Бул маселени кантип чечиш керек? Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз жергесинде уран казууга 50 жылга тыюу салалы деп сунушташты. Бул демилге эң оптималдуу деп эсептейм, улуттун кызыкчылыгына туура келет. Учурда өлкөдө чала өкмөт, чала парламент, чала технология болуп турганда, мүчүлүштүктөр көп болуп калышы мүмкүн. Азыр экологиялык коопсуздукту камсыздоо менен уранды өндүрүү колубуздан келбейт”, - деди Качкынбаев.
АЙТАЛИЕВ: “Путин өлкөгө келип кеткенден кийин уран маселеси козголуп кетти”

Жарандык активист
Бекназар Айталиев учурда уран кенинин лицензиясын талашуу болушу мүмкүн деген пикирде. "
Эл аралык саясий аренада көбүнчө эки тарап болот, батышчылдар же орусчулдар. Алар митингдерди уюштура беришет. Путин өлкөгө расмий сапары менен келип кеткенден кийин уран боюнча маселе көп козголуп кетти. Бирок менин көз карашымда, уран боюнча өлкөнүн ичинде кандайдыр бир оюндар болуп жаткан сыяктуу. Балким уран кенинин лицензиясын талашуу болушу ыктымал. Ошону менен катар эле уран боюнча "митингдин артында Атамбаев турат" деген сөздөр туура эмес жана чындыкка дал келбейт. Эл өзү чыгып жатат”, - дейт Айталиев.