Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев коррупцияга күнөөлөнүп, УКМК тарабынан камакка алынды. Камалгандардын баары КСДП партиясынын мүчөлөрү экени белгилүү. Ушул кырдаалдан улам SUPER.KG порталы "Бийлик коррупционерлер менен күрөшүп жатабы же КСДПчылар мененби?" деген собол салды.
АТАМБАЕВ: "Исаковду жана Кулматовду камакка алуу – бул коррупция менен күрөшүү эмес"
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковду жана Кубанычбек Кулматовду камакка алуу туурасындагы кечээки чечим – бул коррупция менен күрөшүү эмес экенин айтты.
"Коррупция менен күрөштө айырмаланган так ушул адамдардын коррупцияга күнөөлөнүп камакка алынышы акыл-эске сыйбайт. Сапар Исаковдун өкмөтү ушул жылдын 4 айынын ичинде бюджеттин киреше бөлүгүнүн чыгаша бөлүгүнөн 5 миллиард сомго жогорулашын (профицит) камсыз кылды. Мындай көрсөткүчкө эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхында алгачкы жолу жетишилди. Мында Исаков менен Кулматов коррупционерлерден тазалай баштаган бажы органдарынан түшкөн төлөмдөр негизги ролду ойноду.
Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээки чечим - бул иш жүзүндө бажы кызматынын "көмүскөй кардиналы" аты белгилүү “Раим-миллиондун” бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу.
КСДПнын активдүү башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Салайдин Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевди куугунтукка алууну да негизсиз деп эсептейм", - деди Атамбаев.
САРИЕВ: "Коррупция менен күрөшүүнүн экинчи жагы - Атамбаевди алсыратуу"
Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү аркылуу экс-президент Алмазбек Атамбаевди алсыратууда.
"Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшөрүн айткан, фактылар далилденип жатат. Бирок бул окуянын башка саясий жагы да бар. Азыркы көрүнүш Курманбек Бакиев же Алмазбек Атамбаевдин убагындагыдай саясий куугунтук эмес. Атамбаевдин айланасындагыларды камап аны алсыратуу жана ал кийинки парламенттик шайлоодо реванш жасабасын деп алдын алуу максатында жасалууда. Бул камалгандарды көргөндө Атамбаевди колдогон команда артка чегинет, Жогорку Кеңештеги КСДП депутаттарынын көбү Жээнбеков жакка өтүп кетпедиби.
Абалды көрүп турган Орусиядан да, Кытайдан да Атамбаев колдоо таба албай калат. Коррупция менен күрөшүү аркылуу Атамбаевдин жанындагы кишилерди да жоготуп жатат. Аскарбек Шадиев качып, Икрамжан Илмиянов, Райымбек Матраимов кармалбай жүрсө, "эмне үчүн түштүктүктөр кармалбай жүрөт" деген сөз коомдо пайда болуп жаткан. бул пикирди Атамбаев тарап да колдонуп кетиши мүмкүн.
Эми кечээ үчөөнү камагандан кийин эл "чын эле күрөшүп жатыптыр" деп президентти карай сын басаңдайт. Бийлик ошону сезип, коррупция менен күрөштү кайра баштады, болбосо ортодо тыным болуп тынчып калган. Эл арасында "Атамбаев менен Жээнбеков чогуу жүргөн кишилер, сүйлөшүп алышты, күнөөнү экинчи пландагы кишилерге артып коюшат" деген кеп айтылып жаткан, эми ошол сөздөр да тып токтоду", - деген пикирде Сариев.
ОСМОНАЛИЕВ: "КСДП көрүстөндөн баштап кендерге чейин ээлеп алган"
Экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин ою боюнча, бардык тармактарды КСДП ээлеп алган, ошол себептен коррупцияга тиешеси барлардын көбү ошол партиядан болууда.
"Биринчиден, жаңы өлкө башчы чыныгы президенттикти көрсөтүп жатат, буга ыраазы болушубуз керек. Экинчиден, массалык түрдөгү коррупциялык иштер акыркы 5-6 жыл аралыгында болгон, ошол иштерге аралашкандарды кызматына, статусуна карабай абакка киргизип жаткандыгы эл арасында чоң үмүттү пайда кылды.
Менин жеке пикиримде, "КСДПга каршы же тандап иш козгоо башталды" дегенге кошулбайт элем. Убакыт керек, баарын убакыт көрсөтөт. УКМКнын кызматкерлери так жана ыкчам иштеп баарын жоопко тартат деп ишенем. Кармалгандардын баары КСДПдан болуп жатканы да мыйзам ченемдүү көрүнүш, себеби КСДП көрүстөндөн баштап кендерге чейин ээлеп алган, ошон үчүн бардык жерден ошолордун кулагы чыгып жатат", - деди Осмоналиев.
СООРОНКУЛОВА: "Атамбаев да "коррупция менен күрөшөм" деп саясий айдыңдан атаандаштарын тазалаган"
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бийлик алмашканда башчылар өзүнүн каршылаштарын тазалай тургандыгын, азыркы кырдаал дагы ошого окшош экенин айтты.
"Так кесе айтып юридикалык баа берүү азыр кыйыныраак. Бирок жалпы карап көргөндө Алмазбек Атамбаев дагы жаңы бийликке келгенде коррупцияга каршы күрөш деп бир топ өзүнө жакпаган, оппозицияда турган саясатчыларга чара көрбөдүбү. Ошол иштер канчалык мыйзамдуу, адилеттүү болгону коомдо бүгүнкү күнгө чейин талкууланып келе жатат.
Мисалы, Нариман Түлеевдин ишин айтсак болот, анын ишинде бир топ мыйзам бузуулар болду. Ошол себептен мурункудай эле окшош саясат болуп жатабы деген ой кетет. Анткени Атамбаев коррупция менен күрөш деп атаандаштарын саясий айдыңдан тазалаганы менен коррупция азайып, эч кандай майнап чыккан жок. Эл аралык уюмдардын изилдөөсүн карап көрсөк, тескерисинче, коррупция күчөп кеткен.
Бул иште жалаң эле КСДП мүчөлөрүнө каршы күрөш эмес, улам жаңы-жаңы фигуралар чыга баштады. Кредит берүү бул Кытайдын Борбор Азиядагы алсыз өлкөлөргө кылган атайын саясаты экенин ММКлар жазып чыгышпадыбы. Мисал катары, Тажикстан менен биздин өлкөнү көрсөтүшкөн. Тажикстан бизден мурда эле насыяларды алып башташкан, бүгүн мына эсептеше албай, кендерин, жерин берип жатат. Бизди дагы ошондой нерсе күтүп жатат, алар биз насыяны төлөп бере албасыбызды билет, бирок келишим күчүнө кирген, мыйзамдаштырылган, биз эми ал мыйзамды аткарышыбыз керек, төлөп беришибиз керек”, - деди Сооронкулова.
ИМАНАЛИЕВ: "Бийлик КСДП менен күрөш жүргүзүп жатат деген сөз жок"
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Каныбек Иманалиевдин пикиринде, учурдагы коррупция менен гана күрөш жүрүүдө.
"Азыр КСДП менен күрөш жүрүп жатат деген сөз жок, коррупция менен күрөш жүрүп жатат. КСДП мурун бийликте турган учурдагы Сапар Исаковдун маселесин Жогорку Кеңеште айтып чыкканбыз, ал эми Осмонбек Артыкбаевди коррупцияга аралашкан деп айта албайм. Кубанычбек Кулматовдун иши менен тааныш эмесмин. Дагы бир айтып коёюн, учурда коррупция менен гана күрөш жүрүүдө, "Ата Мекен" фракциясы да Сапар Исаковдун коррупциялык иштери жөнүндө сессияда кенен айтып чыккан", - деди Иманалиев.
БЕКЕШЕВ: "Учурда коррупция аркылуу саясий күрөш болуп жатат"
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешевдин пикиринде, биринчиден коррупция менен күрөштү эл өзү сезиш керек жана азыркы учурда коррупция аркылуу саясий күрөш журүүдө.
"Учурда КСДП менен эмес, коррупция менен күрөшүү болуп жатат. Ачык айтыш керек, коррупция менен күрөштү ар бир жаран сезиш керек. Саясатчыларды камабай деле мектептеги, бала бакчадагы, окуу жайлардагы, жолдордун оңдолуусундагы коррупцияны жоюш керек. Карапайым эл коррупция менен күрөштү өзү көрмөйүн "күрөш болуп жатат" деп айта албайбыз. Учурда КСДПга мүчө болбогон деле адамдар кармалууда. Бирок биз көрүп жатабыз, учурда коррупция аркылуу саясий күрөш болуп жатат", - деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаттар Айнуру Алтыбаева, Мурадыл Мадеминов, Марат Аманкулов, "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар Мирлан Жээнчороев, Максат Сабиров соболго ар кандай себептерден улам жооп берүүдөн баш тартышты.