Бир кезде Бишкек шаарынын мэрлик кызматын аркалаган Нариман Түлеев, Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовго кылмыш иши козголуп, айрымдары камакта отурат. Бишкектин мэрлерине карата кылмыш ишинин козголушу салтка айланды. SUPER.KG порталы "Аларды шайлаган шаардык кеңеш таратылышы керекпи?" деген собол салды.
АБДЫЛДАЕВ: "Шаардык кеңеш жоопкерчиликти моюнга алып, өздөрү чечим чыгарышы керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев азыркы учурда мэрлер эле эмес, премьер-министрлер дагы камалып жатканына токтолду. "Азыркы учурда премьер-министрлер деле камалып жатпайбы. Эң биринчи кезекте мыйзамды сыйлаш керек. Мыйзамды баарыбыз сыйлабасак ушундай көрүнүштөр боло берет. Канча премьер-министр жоопкерчиликке тартылып жатат. Өкмөт кемчилик кетирсе парламенттин аброюна шек келтирет. Мэрлерге кылмыш иши козголсо шаардык кеңештин дагы аброюна шек келет. Шаардык кеңеш жоопкерчиликти моюнга алып, өздөрү чечим чыгарышы зарыл", - деди Абдылдаев.
МОЛДОКМАТОВ: "Шаардык кеңеш таратылышы керек"
"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов билдиргендей, Бишкектин мэрин шайлоодо эң чоң жоопкерчилик шаардык кеңештин депутаттарында.
"Мэрди шайлап, ага бата беришип, анан кайра аны кетирип жоопкерчиликтен кутула берген туура эмес. Конституция боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары менен шаардык кеңештин депутаттарынын милдеттери, жоопкерчилиги, укуктары дагы бирдей. Өкмөттү Жогорку Кеңеш кандай кетирсе, мэрди дагы шаардык кеңеш ошондой кетирип жатат. Шайлоо алдында партиялар эл алдында убадаларын берип, программаларын алып чыгышат. Алар коомдук транспорт, жол, ыңгайлуу шарттар, бюджетти көтөрүү боюнча көп маселени козгошот. Бирок бирин дагы аткарышпайт. Анткени шаардык кеңештин депутаттары аталган жана аталбай калган тармактарды тейлешет. Ошондуктан булардын жоопкерчилиги биринчи иретте каралышы керек. Шаардык кеңеш таркатылышы керек. Келечекте туура партиялар келиши зарыл. Эмне үчүн мэр камалса шаардык кеңештин бир дагы депутаты жооп бербеши керек? Мисалы, башка парламенттик систем орногон өлкөлөрдө кайсы бир партиялар өкмөт башчыны же мэрди шайлай турган болсо толугу менен жоопкерчиликти моюнуна алат. Алар мэр же өкмөт башчысы ишти аткара албай, кылмыш иш козголсо депутаттары мандаттарын тапшырат. Японияда болсо баш ийип кечирим сурашат. Биздикилер кечирим сурагандын ордуна суроо берсең, каяша айтышат. Сындасаң, сотко беришет", - деди Молдокматов.
САЛЯНОВА: "Депутаттардын жоопкерчилигин алар чечим кабыл алганда эмес, шайланып жатканда ойлонсок"
Экс-депутат Аида Салянова туура эмес адамды шайлап койду деп шаардык кеңешти таратуу боюнча мыйзамда негиз жок экенин айтты.
"Шаардык кеңештин мыйзамда көрсөтүлгөн, таратыла турган шарттары бар. Ал жерде туура эмес адамдарды шайлап жатат деген негиз жок. Мыйзам менен караганда ушундай. Шайлоо учурунда шаардык кеңештин депутаттарынын колунда мэрликке талапкер туура эмес иштерди жасаганы тууралуу маалымат болуп туруп шайлаган болсо, анда моралдык жоопкерчилиги жөнүндө гана кеп кылсак болот. Негизи депуттардын жоопкерчилиги жөнүндө алар кандайдыр бир чечим кабыл алганда эмес, алар шайланып жатканда ойлонсок жакшы болмок. Кылмыш иши козголгон мэрлердин баарын бириктирип айтуу туура эмес, ар бири жөнүндө өз-өзүнчө кеп болуш керек деп ойлойм", - деди Салянова.
САРИЕВ: "Мэрлерге кылмыш иши козголгондо шаардык кеңеш моралдык жактан жооп берүүсү шарт"
Саясат таануучу Марс Сариев мэрлерге кылмыш иши козголсо шаардык кеңеште күнөө бар деген пикирде. "Анткени коррупциялык иштер ачылып жатат. Шаардык кеңештин депутаттары бул схемаларды билиши керек болчу. Мэрди шайлаганга чейин талапкер тууралуу тактап билиши зарыл. Шаардык кеңеш дагы ушундай схемалардын ичинде болушу мүмкүн деген да ой келет. Моралдык жагынан алганда азыркы шаардык кеңеш иштебей, таратылышы шарт. Мэрлерге кылмыш иши козголгону боюнча шаардык кеңеш жооп бериши абзел", - дейт Сариев.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Мэрлерге кылмыш иши козголсо, шаардык кеңешти күнөөлөп, аларды таркатуу туура эмес"УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев мэрлерге карата иш козголсо шаардык кеңеш таркатылышы керек дегенге кошулбай турганын айтты. "Менин оюмча, шаардык кеңештин депутаттары татыктуу эле адамдарды көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Мэрлердин шайлангандан кийинки ишмердиги башка кеп. Бул жерде шаардык кеңештин депутаттарын күнөөлөп, аларды таркатуу керек деген туура эмес. Анткени алар мыйзам чегинде өз ишин аткарып жатышат. Ал эми жоопкерчилик боюнча карай турган болсок, шаардык кеңештеги депутаттардын жоопкерчилиги каралышы керек. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаттары деле өкмөттү сындап жатпайбы. Бирок алар өкмөттү шайлаганына карабай жоопкерчиликке тартылган жок. Бийлик бутактарынын жакшы иштебей жатканы – бул мамлекеттик башкаруунун сапатынын начардыгы. Өнүккөн өлкөлөрдө бийлик бутагындагы ар бир жетекчинин жоопкерчилиги каралат. Бизде болсо бийликке таандык болгон партиядан болсоң болду, мыйзам сен үчүн эмес. Кызматта туруп алып партиянын тапшырмасын аткаргандын ордуна каалагандай бийлик жүргүзө берсең болот. Мына ушул системди жок кылуу керек", - деди Дүйшөбаев.
ТОКТАКУНОВ: "Таза мэр келиши үчүн саясий атаандаштык болушу керек"
Юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, шаар мэрлерин шайлоо атаандашсыз өтүүдө, ошол себептен талапкерлердин кандай экени билинбей калып жатат. "Мыйзамда андай таратылыш керек деген нерсе жок. Таза мэр келиши үчүн саясий атаандаштык болушу керек. Ошол саясий атаандаштар мэрликке келерде өз атаандаштарынын мыйзамсыз аракеттерин ачып, коомчулукка маалымат тарамак. Азыр эч кандай саясий атаандаштык жок, оппозиция жок. Шаардык кеңеш бир эле тарапты карап баш ийип берүүдө. Бишкек - бай шаар, бул жерге ар бир президент өз адамын алып келет, мэрлик президенттин эле дайындоосу болуп жатат. Президент таза, көз карандысыз мэрди эч качан алып келбейт, себеби таза адам баш ийбей коюшу толук ыктымал. Ал эми Бишкекке таза, баш ийбеген мэр кызмат кыла турган болсо эл арасында чоң абройго ээ боло алмак. Ошол себептен президенттер мындай жолго барышпайт", - деди Токтакунов.