Президент Сооронбай Жээнбеков февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу сөз кылганда бир топ жарандык активисттер аны жактай башташкан. Бирок бүгүнкү күндө мамлекет башчыны жактаган бейтарап коомдук активисттер азыр аны сындоого өтүштү. SUPER.KG порталы "Президент эмнеден жаңылууда?" деген собол салды.
КАДЫРБЕКОВ: "Жээнбеков Атамбаев сыяктуу институттарды өзүнө ыңгайлаштырып, пайдаланып жатат"
Саясат таануучу Даниел Кадырбеков президент эл ишенимин жоготууда дейт.
"Сиз берген суроонун келип чыгышына бир нече себеп бар. Биринчиден, фундаменталдык реформалардын жоктугу. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенине бир жылга жакындап калды. Президентте да, Жогорку Кеңеште да саясий буюртмаларды аткарган сот, прокуратура кызматкерлеринен арылууга толук мүмкүнчүлүк бар болчу.
Экинчиден, активист Мурат Тунгышбаев Казакстандан куугунтукталып бизге келген болчу. Бирок эл аралык аброюбузга карама-каршы келсе да аны экстрадицияладык. Саясий башпаанек сурап келген адамды өткөрүп бербешибиз керек эле. Себеби ал эми өлөт же коркутууга кабылат. Бул улуттук кызыкчылыгыбызга туура келбеши керек. Президентке жарандык коом дагы, оппозиция дагы 1 жылдай убакыт берди. Бир-эки коррупциялык иштер боюнча камоолорду жасады. Бирок аны кылбаса да болбойт эле да.
Укук коргоо органдарында, сот системинде эч өзгөрүү болбогону үчүн элде нааразычылык пайда боло баштады. Өлкө башчынын ишеним насыясы түгөнө баштады. Андан сырткары саясий негизде соттолгон Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова сыяктуулардын иши ошол бойдон калып калды. Буюртманы аткарган сотторго чара көрүлгөн жок. Адилеттикти орнотуу үчүн легитимдүү эмес чечимдердин баарын жокко чыгарышы керек болчу. Жээнбеков Атамбаев сыяктуу эле институттарды өзүнө ыңгайлаштырып, пайдаланып жатат. Президент чыныгы реформатор, элди ойлогон башчы болгондо, сот реформасын жасамак. УКМК менен прокуратураны президент парламентке өткөрүп бериши керек болчу", - деди Кадырбеков.
МАСАБИРОВ: "Президенттин ишине жарым жылда эле баа берүү туура эмес"
Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Масабировдун айтымында, президент парламентте жасаган кайрылуусунда өзүнүн кемчиликтерин да кошо айтып, адилеттүү карап жатат.
"Коррупцияга каршы күрөш туура эле багытта кетип жатат. Бул багытта президент эле эмес, эл да күрөшүүсү керек. Азыр кылмыш иштери козголууда. Жыйынтыгын эми көрөбүз. Президенттин ишине жарым жылда эле баа берүү туура эмес. Анын өзүнүн программасы бар. Ошол багытта эле кетип жатат. Парламентте кечээ жасаган кайрылуусунда өзү да кетирген кемчиликтерди атады. Кийин алдыда жасашыбыз керек болгон багыттарды санап өттү. Өзүнүн иштеринин кемчиликтерин айтканынан абалга адилеттүү эле карап жатканын байкасак болот", - деди Масабиров.
СООРОНКУЛОВА: "Укук коргоо органдарын өз кызыкчылыктарына пайдалануу токтогон жок"
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президентке болгон ишеним азайып бараткандай деген пикирде.
"Мыйзам бузуулар, укук коргоо органдарын өз кызыкчылыктарына пайдалануу токтогон жок. Ошондон улам ишеним азайып бараткандай. Мисалы, казак блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо чечими кабыл алынган", - деди Сооронкулова.
ТУРДУКУЛОВ: "Президент камоого гана басым жасап, коррупциялык схеманы бузууга жете элек"
Жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, азырынча президент эмнеден жаңылганын айтуу эрте. "Сооронбай Жээнбеков президенттик мөөнөтүнүн жыйырманчы гана бөлүгүн өтөп жатат. 6 жылдын жарым жылдай убакыты өттү. Ошентсе дагы кандайдыр бир жыйынтык чыгарса болот. Менин оюмча, мамлекет башчы коррупцияга каршы күрөштү башкы багыты деп туура кабыл алды. Президент камоого гана басым жасап, коррупциялык схеманы бузууга жете элек. Коррупциялык схеманы бузууга жетеби же жетпейби бул дагы маселе. Ошол системди буза турган органдар УКМК, Башкы прокуратура өздөрү реформаланышы керек деген ойдомун. Биринчи кезекте президенттин карамагында болбой, анын гана камчысын чаппай, мыйзамга жана элдин мүдөөсүнө таянып иш алып баруусу зарыл. Ошондо гана президенттин башкы багыты ишке ашат.
Биз эки революцияны башыбыздан өткөрдүк. Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен демократиялык өнүгүү боюнча эң алдыңкы мамлекетпиз деп мактанып жүрчүбүз. Казакстандык активистке чыккан чечим - коңшу авторитардык мамлекеттерден анчалык айырма жок дегендин белгиси. Бул саясий чечимде эки маселе жаралды. Биринчиси - демократиялык чечим, экинчиси - коңшу авторитардык мамлекет менен мамилени бузбоо. Экинчи маселеге басым жасалганы туура эмес болуп калды. Биз коңшу мамлекеттер менен демократиялык принциптерди бузбай мамиле түзсөк болмок. Буга туруштук бере албагандан кийин алар башка маселелер боюнча дагы келечекте басым жасай берет. Демократиялык өнүгүүгө сокку болду", - деди Турдукулов.
ЖАМАНГУЛОВ: "Депутаттар эгер президенттин айткандарынын баары ишке ашса, чоң өзгөрүүлөр болорун айтышты"
Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов учурда коом, оппозиция, парламент толугу менен президент Сооронбай Жээнбековду коррупция менен күрөштө колдоп жатканын айтты.
"Жалгыз эле саясий чоң аренада жүргөн адамдар камалган жок да, алардан тышкары ИИМ, прокуратура кызматкерлери жана башка мамлекеттик органдардын орто тепкичте турган кызматкерлери да коррупция боюнча кармалып жатат. Эми тыянак чыгара койгондон алыс болушубуз керек.
Президент өз кайрылуусунда "мен саясий куугунтуктар менен кимдир бирөөлөргө иш козготпойм" деп айткан. Бул чоң мааниге ээ. Бир топ депутаттар эгер президенттин айткандарынын баары ишке ашса, анда чоң өзгөрүүлөр болорун айтышты. Ал эми акыркы айларда камалган адамдардын көбү ЖЭБ чуусу боюнча күнөөлөнүүдө. Бул иште бардыгы кагаздын негизинде болуп жатат. Активисттер ЖЭБ маселесин саясий нукка бурайын дешсе да, кагаздарда мыйзам бузуулар болгону көрүнүп жатпайбы. Ошон үчүн баа берген азыр эртерээк", - деди Жамангулов.
МОЛДОКМАТОВ: "Мамлекет башчысына сын-пикирлер өлкөнүн ичинде жүрүп жаткан саясатка байланыштуу айтылышы керек"
Жарандык активист Жеңиш Молдокматов президентке карата сын-пикирлер өлкөнүн экономикасынын өсүшү, коррупцияга каршы күрөш боюнча айтылышы керек деген пикирде. "Казакстандык активистти экстрадициялоо чечими чыкканы боюнча сын-пикирлер айтылып жатат. Бул айтылган сындар президенттин мамлекет ичиндеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Албетте, ар бир жарандык активисттин позициясы болушу керек. Негизи баарына жагуу кыйын. Президенттин ишмердүүлүгү бир активистке карата чыккан соттун өкүмүнө байланбайт. Учурда эки жаатка бөлүнүп калдык. Бири президент сот ишмердүүлүгүнө аралашуусу керек деп талап кылат. Экинчиси аралашпоосу керек дейт. Идеалдуу демократиялык мамлекетте президент сот системине аралашпоосу зарыл. Сот көз карандысыз орган болуш керек.
Мамлекет башчысына сын-пикирлер өлкөнүн ичинде жүрүп жаткан саясатка байланыштуу айтылышы керек. Экономиканын өсүшү, коррупцияга каршы күрөшүү кандай жагдайда жүрүп жатканы боюнча баа берүү зарыл", - дейт Молдокматов.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Сооронбай Жээнбеков мурунку президент, досу Атамбаевдин жолун улагандай сезилип жатат"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров азыркы президент өзүнүн ишине толук кандуу кире албай жаткандай сезилет деген оюн билдирди. "Президент бир туруп сүйүндүрүп, бир туруп күйдүрөт. Сүйүндүргөнү коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөткөнү. Ал эми күйдүргөнү башкача кадамдарды жасаганында болуп жатат. Ал өз жолун таппай, түз жолго түшө албай жаткан адамдын образын элестетет.
Жогорку Соттун Аида Саляновага карата чыгарган чечиминен улам президентке нааразы болуп калгам. Сооронбай Жээнбеков мурунку президент, досу Алмазбек Атамбаевдин жолун улагандай сезилип жатат. Казакстандык жарандык активист Кыргыз мамлекетинде адам эркиндиги, сөз эркиндиги бар, мени колдойт деп келиптир. Анын ишенимине суу септик. Бул жерде жеке адамдын тагдыры эмес, дүйнө жүзүнө уят болдук. Мындан кийин бизге башкалар ишенбей калышат", - дейт Токтонасыров.