КҮНСОБОЛ: Жаңы кодекстердин ишке кирүүсү боюнча сындар токтобой жатат. Жоопкерчиликти ким алышы керек? Кабыл алган парламентпи же жетиштүү даярдык көрбөгөн өкмөтпү?

Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар, алардын аткарылышы талкууга алынды. Депутаттардын бир бөлүгү кодекстер кабыл алынгандан кийинки эки жыл убакыт аралыгында эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок деп өкмөттү айыпташса, мыйзамдар толугу менен талкууланбай кабыл алынганын айткан эл өкүлдөрү дагы болду.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жаңы кодекстердин ишке кирүүсү боюнча сындар токтобой жатат. Жоопкерчиликти ким алышы керек? Кабыл алган парламентпи же жетиштүү даярдык көрбөгөн өкмөтпү?" - деген собол салды.

БААТЫРБЕКОВ: “Жоопкерчиликтен баарыбыз эле качып жатабыз”

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков бул боюнча ар кимди күнөөлөбөй, кемчиликти оңдоону үйрөнүшүбүз керек деген пикирде.

“Жоопкерчиликтен баарыбыз эле качып жатабыз. Менин жеке пикиримде, жоопкерчилик баарыбызда бар. Кодекстер кабыл алынып жатканда Кыргыз мамлекетинде “Мен кесипкөй" деген жарандык коомдон эксперттердин тобу тартылган. Биз эксперттерге, өкмөткө ишендик. Жогорку Кеңешке келгенде эрте кабыл алып бергиле, бул реформа боюнча керек дешти. Бүгүнкү күнү жаңы кодекстер, мыйзамдар иштей баштаганда көп нерсе калып калганы белгилүү болду. Буга 2016-жылдан бери өкмөттөрдүн алмашканы себеп болду. Тиги күнөөлүү, бул күнөөлүү дебей, кемчиликти кантип оңдоо керек дегенди үйрөнүшүбүз зарыл”, - дейт Баатырбеков.

ЗУЛУШЕВ: "Жаңы кодекстерди ишке киргизүү боюнча өкмөт эч кандай иш-чараны аягына чыгара алган жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев өкмөт жаңы кодекстерди ишке киргизүү боюнча иш-аракеттерди көрүшү керек болчу деген пикирде.

"Жаңы кодекстерди ишке киргизүү боюнча өкмөт эч кандай иш-чараны аягына чыгара алган жок. Буга өкмөт жооп бериши керек. Кодекстерди жазууда чет мамлекеттерден олчойгон каражаттарды алуу боюнча, туура эмес нормалардын киргенине жумушчу топ, демилгечилер жооп бериши шарт. Бирок жооп берип эле калбай, бүгүнкү күндө жаңы кодекстерди, мыйзамдарды ишке киргизишибиз зарыл. Артка жол жок. Артка кайтсак туура эмес болуп калат”, - дейт Зулушев.

МАВЛЯНОВА: “Бул мыйзамдарды кабыл алууда президенттик аппараттан тез арада кабыл алып бергиле деген тапшырма болгон”

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова мыйзам долбоорлору кабыл алынганда жогору жактан катуу тапшырма берилгенин айтты.

“Президенттик аппараттан "талкуу кылбай бат-бат кабыл алып бергиле" деген талаптар келип жатат. Чындыгында ал жакта көп материал болчу, аны физикалык жактан карап жетишүүгө мүмкүн эмес эле. Мындай кыска убакыт аралыгында материалдарды толук карап чыкканга жетишкен жокпуз. Катуу талаптарга байланыштуу кыска мөөнөттө парламенттен өтүп кеткен. Мындай талаптарды койгон туура эмес. Ошондуктан бизде да күнөө бар. Анткени ушундай маселелерге каршылык көрсөтө албай калдык”, - деди Мавлянова.

ТУРСУНБЕКОВ: “Жаңы кодекстер, мыйзамдардын ишке ашуусу боюнча аракет кылбаган, милдетин аткарбагандар жоопкерчиликке тартылышы керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жаңы кодекстерди, мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча 2 жыл аралыгында эч кандай аракеттер болбогону бүгүн көрүнүп турганын айтты.

“Кодекстерди, мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн өкмөткө 2 жыл убакыт берилген. Тилекке каршы, 2 жыл аралыгында эч кандай аракеттер болбогону бүгүн көрүнүп турат. Жаңы кодекстер, мыйзамдардын ишке ашуусу боюнча аракет кылбаган, милдетин аткарбагандар жоопкерчиликке тартылышы керек”, - дейт Турсунбеков.

ТУРУСКУЛОВ: “Ар бир реформанын арты ушундай кыйынчылык менен болот”

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов жаңы кодекстерди, мыйзамдарды иштетүү боюнча алдыга жылуу керектигин айтты.

“Парламент кабыл алган, өкмөт мыйзамды аткарыш керек. Тилекке каршы, өкмөт аткаруу жагынан начар болуп жатат. Жаңы кодекстер, мыйзамдар боюнча кечээ эки комитетте, бүгүн парламентте талкуу болду. Мүчүлүштүктөрдүн баарын жоюп, мыйзамды иштетиш керек. Бул мыйзам керек. Ар бир реформанын арты ушундай кыйынчылык менен болот. Жетишкен өлкөлөрдө деле ушундай мыйзам кабыл алынганда мүчүлүштүктөр болот. Баарыбыз тартип деп тилейбиз. Тартип бузган адам жоопкерчилигин алышы шарт. Менин оюмча, айлык маяна, жашоо турмушка ылайык айып пул салынышы керек деген сөз туура эмес. Анткени мыйзам бузуу болбосо айып пул төлөбөйт да. Парламент мыйзамды кабыл алып жатканда мүчүлүштүктөр кетип калган. Практика жүзүндө көрүп жатабыз. Мындай процесс боло берет. Анткени жашоо-турмуш өсүп жатат. Мыйзамдарды тууралап туруш керек. Бул боюнча өкмөт элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек”, - дейт Турускулов.

АСАНБЕКОВ: “Бардык маселелерге аткаруу бийлиги менен бирге парламент дагы жоопкерчиликтүү”

Саясий ишмер Темирбек Асанбеков мыйзамды кабыл алган депутаттардын да, өкмөттүн дагы жоопкерчилиги бар экенин айтты.

“Парламент өкмөттү түптөп, саясий милдет алышкан. Албетте, бардык маселелерге аткаруу бийлиги менен бирге парламент дагы жоопкерчиликтүү. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, “ревизордой” болуп депутаттар сын таккандарын токтотсо жакшы болмок. Өздөрүн пиар кылуу аракеттери менен бийлик институттарынын кадыр-баркын таптакыр тебелешти”, - дейт Асанбеков.

КАЧКЫНБАЕВ: “Биздеги президенттик башкарууну парламенттик башкарууга өткөрмөйүнчө мамлекеттеги систем оңолбойт”

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин айтуусунда, Кыргыз мамлекетинде түзүлгөн системде көйгөй бар.

“Бизде бийликтеги бир кишини колдоп бермей адат болуп калды. Бул Алмазбек Атамбаев учурунда көп болгон. "Жогору жактан буйрук келип жатат, ушуну колдоо керек" деген тапшырманы парламент Советтер Союзу учурундагыдай эле көпчүлүк добуш менен колдоп берип коюп жатышты. Өлкөдө мыйзам чыгаруучу орган бардык маселеге көз салып, президентке баш ийбеген бутак болгондо мындай көйгөй болмок эмес. Биздеги президенттик башкарууну парламенттик башкарууга өткөрмөйүнчө мамлекеттеги систем оңолбойт. Ошондуктан башкы прокурорду, өкмөт башчыны, министрлер кабинетин дайындоо боюнча мыйзамды кайра карап оңдомоюнча мындай көйгөйлөр боло берет. Бул жерде парламент өзү жоопкерчиликти албайбы дегендер болушу мүмкүн. Бирок кеп парламенттин президенттик институтка баш ийип жаткандыгында болууда. Бир кишинин өзүн атай албайбыз, системди айтсак болот”, - деди Качкынбаев.

АЗИЗ: “Эмнеге мамлекет биринчи кезекте ишке ашпаган нормалардын кесепетин карапайым калктын моюнуна илиши керек?”

Юрист Канатбек Азиз парламент жоопкерчилик алышы керек деген пикирин билдирди.

“Бул кодекстер Алмазбек Атамбаевдин учурунда кабыл алынган. Алар сапат жагына карабастан күчкө салып, “кабыл алгыла, батыраак бүтүргүлө” деп баштаган. Парламенттин негизги функциясы - мыйзам чыгаруу милдети. Бул учурда эксперттер күнөөлүү же башка бирөө күнөөлүү деген туура эмес. Аны депутат өзү карап, өзү окуп чыгышы керек, парламент моюнуна алат. Менин билишимче, бул 2013-жылдан бери көтөрүлүп келген маселе. Азыр мына жыйынтыктарын көрүп жатабыз. Сапаты жөнүндө дайыма эле айтып келгем, бирок көп жаңы кодекстердин нормалары жашоого дал келбейт. Азыр өкмөт расмий түрдө “биз карап чыгабыз” дегени да туура, бирок жоопкерчиликти ким алат? Ошол эле реформага жаңы кодекстерди кабыл алабыз деп донорлордун 13 миллион доллардан ашык акчасы иштетилген. Эмнеге мамлекет биринчи кезекте ишке ашпаган нормалардын кесепетин карапайым калктын моюнуна илиши керек? Бул нерсенин кесепетин азыр эл тартып жатат. Күнөөлүү издегендин ордуна оңдоо киргизүү зарыл. Азыркы парламент, өлкө башчы, парламенттин ичиндеги депутаттар оңдоп чыгуусу кажет. Өкмөттү эле күнөөлөй берген да туура эмес, себеби кабыл алган парламент”, - дейт юрист.

КАРАСАРТОВА: “Бири-биринен ким күнөөлүү экенин издегендик - бул бүгүнкү күндө туңгуюкка алып бара турган жол"

Укук коргоочу Рита Карасартова жоопкерчиликти биргелешип бүт тармактар алышы керек экенин айтты.

“Бири-биринен ким күнөөлүү экенин издегендик - бул бүгүнкү күндө туңгуюкка алып бара турган жол. Кээ бир саясий күчтөр ошол туңгуюкка алып келгенге кызыкдар болуп жатат. Ошондуктан ага жол бербөө керек. Мындай реформалар кошуна мамлекеттерде дагы болгон. Аларда деле кыйынчылыктар орун алган. Бир дагы мамлекет асмандан түшкөн мыйзамды ишке киргизип кеткен эмес. Анткени баарына жаккан мыйзам эч качан болбойт. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары күнөөлүү жана күнөөлүү эместерди баса калып камаганга мүмкүнчүлүк болбогон нормаларды киргизип койду. Алар үчүн бир топ коррупциялык эшиктер жабылгандыгына байланыштуу чоң маселеге айлантышууда. Эгерде биз ушул кодекстердин иштеп кетишин кааласак эксперттердин тобун чакырып, тез арада кабыл алып, туура багытка салышыбыз керек. Депутаттар өкмөт жаман, өкмөт депутаттар жаман деп отура берсек бул жарабаган мыйзам экен деп, муну кайра артка тартканга туура келип калат. Ал эми артка жол жок. 5 жылга деле токтотуп койсок, 5 жылдан кийинки кейпибиз азыркыдай эле болот”, - деди Карасартова.

МАКЕНБАЕВА: "Мыйзам кабыл алынгандан кийин жоопкерчилик аткаруу бийлигинде болот"

Эксперт Бурул Макенбаева өлкөдө кабыл алынган мыйзамдарды өз учурунда окуп, талкууга албаган жарандарда да жоопкерчилик бар деген пикирин айтты.

"Негизи аткаруу бийлиги жооп бериши керек. Ошон үчүн аткаруу бийлиги деп айтылат. Кодекстер кабыл алынганына көп жыл болду. Өз учурунда жарыялангандыктан элде да ошол учурда окуп чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон. Жарандардын дагы таптакыр пассивдүү болгону туура эмес. Албетте, коомчулук да кодекстерди күчүнө киргенге чейин талкуулашы керек эле. Жарандар мындан ары да киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө талкууга коюлганда жакшы көңүл буруп турушу зарыл. Бизде өзүңдөн башка баары күнөөлүү эмеспи. Ар бирибиз жоопкерчиликти алсак. Азыркы учурда мыйзам кабыл алынган, эми мыйзам аткарылышы керек. Айып пул жол эрежесин бузгандарга көп салынып жатса, демек, жол эрежесин бузбаш керек. Ансыз деле жол кырсыктарынан каза болгондордун саны боюнча өлкөбүз алдыңкы орундарда турат", - деди Бурул Макенбаева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан