"Алай" командасына бир нече техникалык жеңилүү эсептелип, команданын директору менен машыктыруучусу 1 жылга футболдон четтетилди

"Алай" жана "Алай-2" командаларына бир нече техникалык жеңилүү эсептелип, команданын директору менен машыктыруучусу 1 жылга футболдон четтетилди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн футбол лигасы расмий сайтына жарыялады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 18-майда Футбол федерациясынын тартип боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болгон. Өлкөнүн футбол лигасы "Алай-2" клубунун оюнчусу Расулбек Ташланкуловго паспорт алып берүү тууралуу командага бир нече жолу кайрылуу жасаган. Бирок "Алай" клубу оюнчу Өзбек жараны экенин билип туруп аны Кыргыз жараны деп паспортунун көчүрмөсү жок билдиришкен.

Мындан улам команданын директору Алмаз Сулайманов жана "Алай-2" клубунун машыктыруучусу Айбек Татанов 10 миң сомдон айып салынып, 1 жылга футболдон четтетилди. Ал эми оюнчуга байланыштуу "Алай" клубуна 6, "Алай-2" командасына 1 техникалык жеңилүү эсептелген. Ошондой эле клубга 5 миң сом айып салынган.

Техникалык жеңилүү эсептелген беттештер:

1) "Алай" - "Илбирс" 07.04.2018;

2) "Абдыш-Ата" - "Алай" 15 .04.2018;

3) "Кара-Балта" - "Алай" 18.04.2018;

4) "Алай" - "Академия" 21.04.2018;

5) "Алай" - "Алгa" 28.04.2018;

6) "Нефтчи" - "Алай" 09.05.2018;

7) "Алай-2" - "Шахтер" 06.05.2018.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
suyor
2018-05-21 18:27:58
Бир адамдын катасы менен жалпы чон Каманданы ээрден шыпырышты, бул албетте туура эмес, АЛАЙ силер эл учун чыныгы женуучусунор.
-11
bahabaike
2018-05-21 18:29:26
Коро албастык. Алай эки жолу чемпион болуп койду да себеби
-10
Ernic
2018-05-21 18:45:18
bahabaike,Көрө албастык эмес эле туура эле кылды.
+3
gute
2018-05-21 18:41:41
Алай уйдо баатыр жоодо жок. Тажиктердин, Озбектердин бир дагы клубун ута албай койдуго
-7
Salaf
2018-05-21 19:51:26
gute, Дордойго окшоппу?)
-10
FCBMESSI
2018-05-21 18:43:51
Алайды башка жол менен токтото албашына көзү жеткенда.Баары бир Алай күйөрмандары үчүн Алай чемпион
-1
Ernic
2018-05-21 18:44:40
Алайды 2-3 жылга эле футболдон четтетип салышса болмок.
-4
fantomas
2018-05-21 19:20:53
Ernic, эмнеге кетириши керек?!! Далилде?!! Башка олко клубдарында ойногон оюнчулар ошол олко жарандыгына отуп жатыптырбы?!!

Бир оюнчунун документи деп бир клубка 6 женилуу беруу бул биздин футбол федерациясында акмактар отурганынын бир далили...

-7
Ernic
2018-05-21 19:31:39
fantomas,Бул жерде чоң бир мамлекетти алдап жатат.
+7
fantomas
2018-05-21 19:36:43
Ernic, алдаса директор алдагандыр. Клубдун куноосу эмне?!! Бир документти шылтоо кылганы эмнеси?!!
-10
Ernic
2018-05-21 19:40:33
fantomas, Директор алдады десе эртең эле башка клубдар чыгат. Бир нерсе болсо директорду шылтоолоп!

+4
fantomas
2018-05-21 19:46:11
Ernic, ким куноолуу болсо ошол жооп бериши керек, клуб эмес!!


Сен тушундуруп берчи, паспортту эмнеге талап кылат?!! Башка олко оюнчулары ойносо болбойбу?!! Ансыз да кыргыз футболунун акыбалына мышык ыйлайт. Ошондуктан бюджеттен айлык алган футбол федерациясын жоюп салыш керек.....
-12
Ernic
2018-05-21 19:50:31
fantomas,Сен кызык адам экенсиң. Паспорт керекта ошо клубка каттогоо турат оюнчу. Эгер каттоого турбаса түшкө чейин Дордойдо ойноп түштөн кийин Алайга ойноп топ лига эшек жайлоо болуп кетмек!
+11
fantomas
2018-05-21 21:35:01
Ernic, Озьпкистандын паспорту менен клубка кабыл албайт ким айтты?!! Эгер жасалма паспорт корсотушкон болсо, ошол корсоткондор жазалансын, клуб эмес!!!
-12
dosym
2018-05-21 18:46:04
Саясий куугунтук болуп атат
-6
fantomas
2018-05-21 19:27:58
Туура эмес кадам. Эмне учун озбек жаранына паспорт алуу боюнча талап кылышат?!! Аларга мындай укукту ким берди?!!

Мисалы Европанын клубунда Латын Америкадан, Африкадан толтура оюнчулар келип ойношот. Ошол эле аогентиналык Месси, Португалиялык Роналдо Испанияда, Египеттик Салах Англияда ойноп келет. Анан эмнеге Кыргызстанда чет олколук оюнчулар ойной алышпайт?!!

СуперИнфо, футбол федерациясы эмнеге паспорт сураганын билип берсенер.
-13
Ernic
2018-05-21 19:32:14
Ушу кезге чейин бизди алдап эле утуп келген турбайбы Алай деген немеңер. Сооронбай Шарипович келди мына былыктары чыгып жатат!
+7
fantomas
2018-05-21 19:39:24
Ernic, анын сенин Сокене тиешеси эмне?!! Сокен озун билсин, ТЭЦтеги коррупционерлерди таап кустуруп алсын колунан келсе, Аташкасын кошо....
-2
Mularamov
2018-05-21 19:53:31
бизде башка олколордогудой
башка олконун жаранын клубда ойнотсо болбойбу
же биздин фудболдун эрежеси башкабы
-11
Ernic
2018-05-21 19:58:34
Mularamov,Бизде башка өлкөнүн оюнчулары ойносо болот. Алайда жүрөткө Силла деген. Бул жерде Алай клубу өзбекстандын жаранын эч кандай паспортунун көчүрмөсу жок Кыргызстандын жараны деп каттатып койгон. Паспорт сураганы келгенде калптары чыгып ашмалтайы чыгып отурат.
+10
Mularamov
2018-05-21 20:03:05
Ernic,
рахмаат. мен туура эмес тушунуп алыпмын
+4
fantomas
2018-05-21 21:37:54
Ernic, ошондон чон трагедия жасаш керекпи?!! Журот го Кыргызстанда 50-100 мин кытай, эмне, ошолордун баарынын визасы барбы, ошончо кытайга квота берилгенби?!! Керек болсо Кыргызстанда канча кытай бар экенин Улуттук Статистика Комитети да, УКМК да, ИИМ да билбейт. Ошолорго баш катырсанар болбойбу, жумурткадан кыр издебей?!!
-12
Azat.97
2018-05-21 20:07:14
Туугандар Алайдыкы туура эмес негизи.
+2
Aman_Mansurov
2018-05-21 20:14:34
Каяктагы көрөалбастыкты айтып жатасыңар? Өзбекстандын жаранын Кыргызстандын жараны катары каттап жатышпайбы документке. Эреже баарына бирдей. Футбол федерациясы туура чечим чыгарды
+8
fantomas
2018-05-21 21:39:47
Aman_Mansurov, Директор менен машыкиуруучуга жаза берилиптир, кааласанар ошол оюнчуну да клубдан четтеткиле, бирок клубдун башка мучолорунун куноосу эмне?!! Бул ачык эле коро албастык, не профессионализм, идиотизм...
-10
mirkaa5182
2018-05-21 20:54:25
Бул жерде көрөалбастык болуп кетиптир....
-10
Mina24
2018-05-21 21:40:56
Каманда ката кетирдиби жообу туура дагы жакшы ойундан чететип салбаптыр футболдун
озунун мыйзамы бар аргимибиздин ойубуз менен болбойт мындай ката отон чоон манилуу бул жеке иш эмес бул аты айткандай каманда мындан ары ийгилик калайм сабырдуу бололу мусулман бир туугандарым орозонуздар кабыл болсун
+12
BekAmir
2018-05-21 21:59:59
Алай чемпион
-1
admin_superstan
2018-05-22 09:20:20
fantomas, Mina24, Ernic,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Жекеликке асылган билдирүүлөр түзөтүлдү! Порталдын эрежелерин сактагыла!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан