Бүгүн Исаков менен Матраимовдун соту уланат

Бүгүн, 28-майда саат 16:30да Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттук отурум өтөт.

Буга чейин сот отуруму 10 жана 16-майда болуп, анда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын жактоочусу соттон Матраимовду кайра өз кызмат ордуна дайындалышын өтүнгөн.

Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан