Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын иши боюнча соттук отурумдун датасы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун атасы - Турдали Кожоналиев билдирди.
"Кызымдын өлүмүнө шектелген Марс аттуу баланын ишин Жайыл райондук соту ушул жылдын 5-сентябрында саат 10:00дө карайт. Ал эми кылмышка шарт түзүп берген милиция кызматкерлеринин ишин кароо 10-сентябрга саат 10:00гө коюлду. Милиция кызматкерлерине бир гана Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү (шалаакылык) менен иш козголууда. Буга мен макул эмесмин. Ошондуктан Жайыл райондук сотуна ишенбөөчүлүк көргөзүп, ишти Свердлов райондук сотуна өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирүүнү ойлонуп жатабыз", - деди Турдали Кожоналиев.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак: 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, жигит 29 жаштагы Марсбек Б. экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марсбекке эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен. 29-майда Бурулай Турдали кызынын жансыз денеси жерге берилип, ошол күнү маркумдун атасы: "Кызымдын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгисин бычак менен жазылганын көрдүк. "Н" деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?" - деп билдирген. Бул маалыматты Чүй ОИИББинин башчысы болуп турган Нурлан Сарчаев калп деген. Анын айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. "Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон" деген Сарчаев. 4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.