Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон 20 жаштагы Бурулайдын атасы Турдалы Кожоналиев экинчи жолку медициналык экспертизанын жыйынтыгына нааразы. Мындай пикирин ал SUPER.KG'ге билдирди.
"Колумдагы далил сүрөттөргө карабай, кызымдын көкүрөгүндө жазуу жок деп жыйынтык чыгарышыптыр. Окуя болгон күндөрү милиция бөлүмүндөгү видеокамерадагы жазуулар да өчүп калыптыр дешти. Мындай кантип болсун?! Адилеттүүлүк издеп жүрүп чарчадым. Эмне кылар айламды билбейм. Бүгүн тергөөчү чакырыптыр. Аны менен жолугуп, анан жактоочулар менен кеңешип көрүп кийинки кадамдарды аныктайбыз. Бирок адилеттүүлүк болоруна көзүм жетпей калды", - дейт ал.
Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө жигит ала качып бара жаткан Бурулайга бычак сайып, ал жаракатынан улам көз жумган. Маркумдун туугандары "кызыбыздын көкүрөгүнө "Н+Б" деп бычак менен оюлуп жазылыптыр" деп билдиришкен. Мындай маалыматты Чүй ОИИББи четке каккан.