"Эстен чыкпашы керек". Депутат ИИМдин алдына Бурулайдын эстелигин орнотууну сунуштады

Бурулай Турдали кызыДепутат Дастан Бекешев Ички иштер министрлигинин алдына милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын эстелигин орнотууну сунуштады. Эл өкүлү мындай пикирин 28-июндагы парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул окуя эстен чыкпашы керек жана укук коргоо органынын кызматкерлери бул окуядан сабак алууга тийиш.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул окуя боюнча моралдык жоопкерчиликти тартып жатканын билдирди. "Мен өзүм да моралдык жактан кыйналып жатам. Бул окуяга байланыштуу "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Ал эми эстелик орнотуу сунушуңузду министрге айтып көрөйүн", - деди Асанов.

Эскерте кетсек, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө жигит ала качып бара жаткан кызды бычактап, андан кийин өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми кызга жана өзүнө бычак сайган М.Б. аттуу жаран Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aslan_akjol89
2018-06-28 15:43:55
Ошол эстеликтин акчасын кечээги степте апасы олгон балага жардам кылганды ойлоп кордунбу?акча ашып ташып аткансып доодурой бересинерби?Канды кайнатасынар да детский мыслинер мн.Шалаакы кызматкерлерге эстелик мн эстетпей башка жол мн сыксанар кийинкилер корко турган кылып.
+9
Pandora
2018-06-28 15:50:44
Олгон олуп кетти,эстелик эч нерсе кылып бербейт.Андан коро башкаларга жардам берип келечек ушундай окуялар болтурбоо учун чара коргуло.
+5
i1urp
2018-06-28 15:54:21
ИИМдин алдына эмес башка жака эле коюшпайбы.
0
bond02
2018-06-28 16:02:29
Туура эмес да ИИМдин алдына жаш кыздын эстелиги турганы, наоборот ошол РИИБдин шаалакы кызматкерлеринин, куноолуулордун эстелигин орнотуш керек, милиционерлерге эстетип тургудай кылып.
+2
pyeon hwa
2018-06-28 16:14:46
Сабак ала бербей алдын ала кам корсо болбойбу? Башка окуяларга деле байланыштуу! Сабак болот деген соз жакпайт да
+3
Mamiev
2018-06-28 16:27:06
Ушул депутат тантыраганын эч койбоду да.Эски жараны эстетип эстеликти коргондо эстеп туруш керекпи.Ошол эстеликке кеткен чыгымды оорудан кыйналып акча таппай жаткан бироого берсенер Кудай шыпаасын берип даарыланып алат беле деген ой.Кайдагы жаш балдардын ойун айтасын
+4
nurikkg88
2018-06-28 17:46:57
Ала-Тоо аянтына куруш керек
-4
Dalil
2018-06-28 17:47:31
Оюна келгенди оттой береби бул депутаттар. Эстелик коюлган менен бир маселе чечилеби? Же ошол эстеликти курдуруп идея меники деп четинен бир аз жегиң келип калдыбы? Биринчи кезекте ЖЭБ менен музейдин жыйынтыгын чыгаргыла. Кыйраткансып каникулга да тарадыңар. Силердин алган айлыгыңар аткарган ишиңерге туура келбейт. Силердин жасаган ишиңерге да алган айлыгыңарга да ыраазы эмесмин. Алган айлыгыңарды ишиңер менен актабай жатасыңар.
+3
NeRiNa
2018-06-28 17:54:59
Эстеликти тек эле койгулачы?! Андан коро ошол эстеликтин акчасын муктаждарга берсенер соопко калмаксынар!
+3
barakcha
2018-06-28 20:26:30
Эстелик койуп жин тийдиби силерге?Соз жок буларга...Жаш баладай болуп тантырап койуптур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан