Биз социалдык тармакта

Амир Кунакуновдун окуясы Кыргызстанда тоодогу коопсуздук багытын өзгөртүүгө түрткү болот (видео)

15 жаштагы Амир Кунакуновдун окуясы Кыргызстанда тоодогу коопсуздукту камсыздоо боюнча жаңы чечимдерди кабыл алууга жана туруктуу систем түзүүгө түрткү болот. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов "Кабарга" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, маркум жигиттин физикалык даярдыгы абдан жакшы болгон. Эгер ал альпинизм секциясына барып, тоого чыгуу эрежелерин жана коопсуздук талаптарын үйрөнгөндө, келечекте мыкты спортчу болуп чыгышы мүмкүн эле.

"Эгер бул бала туура системага туш келип, альпинисттик секцияга келгенде, биз аны жоготпойт элек. Тоого чыкканды, альпинизмдин эрежелерин үйрөтмөкпүз. Бул баладан чоң спортчу чыкмак", — деди Кубатов.

Ал Амирдин окуясы келечекте башка балдардын жана туристтердин өмүрүн сактап калууга жардам берерин белгиледи.

Кубатовдун маалыматына караганда, тоодогу коопсуздукту жакшыртуу үчүн Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз альпинизм федерациясы, спортчулар жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биргелешип иш алып барууга даяр.

Алардын максаты — балдарды жана туристтерди тоого чыгууда даярдоого, коопсуздук эрежелерин үйрөтүүгө жана кырсыктардын алдын алууга багытталган туруктуу система түзүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан