Биз социалдык тармакта

Кыргызстан туризмден 9 айда 12,2 миллиард сом салык чогултту (видео)

Кыргызстандын туризм тармагынан 2026-жылдын 9 айында мамлекеттик бюджетке 12,2 миллиард сом салык түштү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40 пайызга көп экенин Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов "Кабарга" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурда туризм тармагы бир жыл ичинде да мындай көлөмдө салык төлөй алган эмес.

"Мындай сумманы биз бир жылдын ичинде да бере алчу эмеспиз. Туризм азыр мамлекетке ишене баштады. Мурда салык төлөбөй, өз алдынча иштегендер болсо, азыр тармак ачыкка чыгып жатат",- деди Кубатов.

Анын маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда туризм тармагында 13 миңге жакын субъект иш алып барууда. Транспорт, логистика, тамак-аш, мейманкана жана башка тармактарды кошкондо азыркы учурда туризмден 160 миңге жакын жаран киреше табууда.

Агенттиктин директору туризмдин өлкөнүн экономикасындагы үлүшүн да көбөйтүү пландалып жатканын билдирди. Учурда бул тармак ички дүң продукциянын 4 пайызын түзөт. Көрсөткүчтү жакынкы жылдары 7-8 пайызга, 5-6 жылдын ичинде 10 пайызга жеткирүү планы коюлган.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 9 айында Кыргызстанга 9 миллион турист келген. Жыл аягына чейин туристтердин санын 12,5-13 миллионго жеткирүү пландалууда.

Кубатовдун айтымында, учурда агенттик туризм тармагын системдүү өнүктүрүү, мамлекеттик мекеменин ишин жолго коюу жана тармакта структуралык реформаларды жүргүзүү багытында иш алып барууда.

Кыргызстан туризмден 9 айда 12,2 миллиард сом салык чогултту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан