Бүгүн, 17-ноябрда жылуулук тармагындагы бузулууну жоюу иштерине байланыштуу бир катар турак үйлөргө жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өчүрүүгө төмөнкү даректердеги үйлөр туш болду:
Панфилов көчөсү №124, 145, 151, 153;
Логвиненко көчөсү №3в;
Чуйков көчөсү №125;
Панфилов көчөсү №130, 132, 147/2, 149, 149а;
Чуйков көчөсү №110.
Маалым болгондой, оңдоо иштерин күн ичинде бүтүрүү пландалууда. Бузулуу толук жоюлгандан кийин үйлөргө жылуулук жана ысык суу берүү кайра калыбына келтирилет.