Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын жаш футболчулары Азия кубогуна тандоо турунда Йемен менен беттешет  

Бүгүн, 17-ноябрда саат 18:00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын 17 жашка чейинки курамасы Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Йемендин футболчулары менен беттешет.

Бул оюн кыргызстандык футболчулар үчүн турнирдин экинчи беттеши болуп, тайпадагы кийинки баскычка чыгуу үчүн маанилүү учурлардын бири болуп саналарын Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Эске салсак, Кыргызстандын U-17 курамасы алгачкы оюнунда Түндүк Мариана аралдарынын командасын 12:0 эсебинде жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан