Журналист Элнура Алканова: "Учурда Оморбеков менден уялбай кечирим сурап, "күнөө менде эмес, кылмыш ишке ким буйрук кылганын өзүң жакшы билесиң да" деп жатат

Журналист Элнура Алканова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөөчүлөрүнүн үстүнөн кайрадан арыз жазды. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда SUPER.KG´ге билдирди.

Арыз жазууга аталган кызматтын тергөөчүлөрү ага карата негизсиз кылмыш ишин козгоп, кызмат абалынан пайдаланганы себеп болгон.

Мага карата ачылган кылмыш иши жабыла элек маалда Башкы прокуратурага арыз жазгам. Бирок алар "ушул кылмыш ишинин аягына чыккандан кийин тергөөчүлөрдүн иштерине баа беребиз" деп расмий түрдө жооп беришкен. Мен кайрадан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев менен тергөөчү Замир Оморбековдун үстүнөн арыз жаздым. Учурда Оморбеков менден уялбай кечирим сурап, "Күнөө менде эмес, ким буйрук кылганын өзүң деле билесиң. Арыз жазба. Баары бир Башкы прокуратура арызыңды байкоосуз калтырат. Себеби өздөрү деле бул кылмыш ишине салым кошкон" деп айтып жатат", - деди журналист.

Элнура Алканова прокуратурадан тергөөчүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) боюнча баа берүүнү жана жоопко тартууну талап кылууда.

Эгер Башкы прокуратура анын жазган арызы боюнча тергөөчүлөрдүн мыйзам бузгандыгын аныктай албаса, анда ал эл аралык уюмдарга кайрыларын кошумчалады.

Башкы прокуратура - көптөгөн эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү жана башка өз ишине тиешелүү уюмдардын мүчөсү. Эгерде Башкы прокуратура мыйзам бузуу табылган жок деп айтса, анда эл аралык уюмдарга кайрылам”.

Тергөөчүлөрдү жоопко тартуу боюнча талапка "Медиа полиси" институтунун юристтери көмөк көрсөтүп келет. Анткени журналистке карата козголгон кылмыш ишинде айтылган айыптоолорду иш козгогон тарап далилдей алган эмес. Көптөгөн юристтер козголгон кылмыш иши боюнча баасын берип, муну саясий буюртма деп айтышкан.

Эске салсак, өткөн жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган.

2017-жылдын 18-декабрь күнү бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, Элнура Алканова бул ишке күбө катары суралып келген. 2018-жылдын 13-февралында ага 193-берене (коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу) жана 194-берене (коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу) менен айып коюлуп, кылмыш иши Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Мүлктү сатууга Сапар Исаковдун жакындары аралашкан деген маалымат боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы журналисттен ошол кездеги өкмөт башчысы Сапар Исаковдон кечирим сурашын талап кылышарын билдиришкен.

Ушул жылдын 27-апрелинде журналистке карата козголгон иште эч кандай кылмыштын курамы жок экени аныкталып, ага карата кылмыш иши токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nurbek56
2018-06-03 17:13:03
Сулуу кыз экен аа?
-3
Djal1987
2018-06-04 03:50:32
nurbek56,чокун 2-аа тамгасы жок эле суроо белгисин кой!!!
+1
Jelezo
2018-06-03 17:34:53
Азаматсын кызым мыйзам менен иштегиси келбегендердин айыбын чыгара бер
+3
Барс
2018-06-03 19:33:50
Эхе, С. Исаковдун кулагы бул жактан да көрүнгөнү абдан өкүнүчтүү...
+2
BekAmir
2018-06-03 23:24:09
Азаматсын Эльнура акырына чейин курош. Эл сен тарапта байкоо салып турат
+2
barakcha
2018-06-04 13:30:12
Кечирим сурагандын эмнеси уят?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан