5-июнда интеллекти жогору, маектешкенди сүйгөн, куйкум сөздүү эгиздер төрөлөт. Алар ылдам, тез арада иштерди бүтүрө калган, активдүү, мээнеткеч болушат. Коомдогу көрүнүштөр алардын кызыгуусун арттырат. Тез маалымат алып аны башкаларга жайылтууда дагы ыкчамдыгы менен айырмаланып турат. Шамдагайлыгынын аркасында кандай гана иш болбосун оңой алып кетип, аягына чыгара алат. Бир эле учурда бир нече иштерди аткара алгандыгы менен мактоого татыйт.
Ушул күнү төрөлгөн эгиздер бир нерсени түшүнүктүү, жеткиликтүү айтып жатам деп ойлойт. Ошондуктан айрымдардын "түшүнбөй калдым" дегенине таң калып, ачуусу келет. Бирок ырасында эле алардын ою аябай татаал болот. Бир эле убакта бир нече окуяны айтуу менен адамдардын башын айлантып салмай жөнү бар. Ашыкча ойлоно берип айланасында эмне болуп жатканына да көңүл бурбай калат.
5 санынын алдында жарыкка келгендер көк бет, айтканынан кайтпаган, бардык ишти өз убагында жана катасыз аткарышат. Кайсы бир ишти баштоодо аны башынан аягына чейин кандай болорун пландап алат. Жашоодо ийгиликтерди багынтып, жеңиштин жемишин көргөндү жактырат.
Баса, бүгүн төрөлгөн эгиздердин бат сагынып кетмей жайы бар. Андыктан ушул күнү жарыкка келген эгиздер менен байланышыңыз бар болсо, сагындырбай кабар алып туруңуз.