Астротөлгө: 5-июль күнү төрөлгөндөр сүйүктүүсү менен тең карыгысы келеби?

5-июль күнү эркиндикти баалаган адамдар төрөлөт. Жеке пландарын ишке ашырганга чейин сыр тутуп, ар кандай чыр-чатактан алыс качышат.

Бул күнү төрөлгөндөрдүн тамакка болгон табити башкалардан өзгөчө. Тамактын бир эле түрүн кээде сүйүп жесе, башка учурда жактырбай коюшат. Кыймылдуу жашоо образын тандап, спорттун активдүү түрү менен машыгат. Адамдарды өз сөзүнө жеңил ынандырганы менен, балдардын тилин таап тарбиячы боло албайт.

Сырдуу келип, мамилеге бекем болушат. Түгөй катары ачык-айрым, жоопкерчиликтүү жана адептүү адамдарды издешет.

Бул күнү жарыкка келгендер үй-бүлө курууда, кесип тандоодо жана туруктуу дос табууда адашпайт. Турак жайын ыңгайлуу жерге салып, үлгүлүү үй-бүлө түптөп, сүйүктүүсү менен тең карууну каалашат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан