26-декабрда жарыкка келгендер жылмаюусу менен ар кандай тынчсызданууну жоготуп, жакындарына жөлөк болушат. Инсан катары өздөрүн коом алдында карыздар сезишет. Мыйзамды, салтты сыйлашканы менен учур талап кылса каршы чыгуудан тайманышпайт.
Кыйынчылыктарга кайраттуу келип, баарын жеңе алышат. Калп сүйлөгөндү, сөзүнө турбагандарды жек көрүшөт. Алар чөйрөсүндөгүлөрдөн чынчылдыкты, тартиптүүлүктү, ошондой эле адилеттүүлүк менен этиканы сактоону талап кылышат.
Көздөгөн жолунун аягына жетмейинче көшөрө тер төгүшөт. Көпчүлүк 26-декабрда төрөлгөндөр өмүрүн коомдук иштерге арнашат.