Астротөлгө: 9-июнь күнү төрөлгөндөр идеалист болобу?

Бүгүн адилеттүү, коргоочу жана идеалист эгиздер жарыкка келет. Башкалардын оюн уга билген, тапан тилдүү болушат. Бирок өтө шашма, чыдамсыз келип, чечим кабыл алууда ойлонуп да койбойт. Көпчүлүк учурда эмоцияга алдырып, туура эмес иштерди жасап жиберет. Андыктан өздөрүн кармап. башкара билгени жөн.

9-июнда төрөлгөндөр бирде активдүү, энергиясы ашып-ташкан күчтүү болсо, айрым учурда алсыз болуп аракетин жоготуп коёт. Жумушта аябай орой, чечкинсиз болушат. Аябай сынчыл, майда нерселерге дагы пикирин айтып турат. Айрым учурда диктатор болуп кетмей жайы бар. Тагыраагы, эмнени туура деп ойлосо башкалар дагы анын оюн колдоп, анын пикири менен макул болушун талап кылмай жайы бар. Ал эми таанышууда өтө эле уяң, тартынчаак келишет.

Ушул күнү жарыкка келгендер жаш балдар менен бат тил табышып, достошуп кетет. Андыктан мугалим, окутуучу же тарбиячы болсо жарашат. Амбициясы күчтүү болгондуктан кол жеткис кыялдарын ишке ашыра алат. Жетишкендиктери менен мактангысы келбейт, дайыма көлөкөдө жүргөндү каалайт.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан