Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратындагы курулушта мыйзам бузуулар кайрадан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда муниципалдык инспекциядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган объектке кайталап текшерүү жүргүзүп, көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбаганын жана курулушка жакын аймактагы жашыл бак-дарактардын жабыркаганын аныктаган.
"Курулуштун буюртмачысы боюнча мурда туура эмес маалымат берилгени такталды. Алгач буюртмачы катары президенттин администрациясы көрсөтүлгөн болсо, такталган маалыматка ылайык, курулуштун буюртмачысы Курулуш министрлиги болуп чыкты",- деп билдирди инспекция.