Бишкектеги ГЭС-2 конушунда белгисиз адам сатып алуучуларга толук ишенип, көмүр жана отун сатып жатат. Ал жолдун жээгинде көмүр жана отунду каптап, жанына баасын жана QR-код аркылуу төлөөгө мүмкүн экенин жазганын видеодон көрүүгө болот.
Маалымат тактасында, бир кап көмүр 350 сом, ал эми отун 250 сом экени жазылган.
Социалдык тармактын колдонуучулары сатуучунун элге болгон бийик ишенимине суктанып, бул көрүнүштү коомдогу чынчылдыктын жана ыймандуулуктун жакшы үлгүсү катары баалашууда.