Бүгүн, 16-ноябрдан тарта Ош шаарындагы Чоң-Алай көчөсү 10 күнгө унаа кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Аталган көчөдө оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Мэрия жарандардан аталган жагдайды эске алып, альтернативдүү жолдорду пайдаланууга чакырат.