Биз социалдык тармакта

Жапайы жаратылыш жанданууда: Аксыдагы доңуздардын үйүрү видеого түшүрүлдү 

Бүгүн, 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Авлетим токой чарбасынын аймагында доңуздардын үйүрү видеого түшүрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, токой чарбасынын кызматкерлери жапайы жаныбарларды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддик иш-чараларды жүргүзүү учурунда доңуздардын тобун байкап, тасмага түшүрүп алышты.
Адистердин айтымына караганда, жапайы жаныбарлардын мындай көп санда кездешүүсү алардын табигый жашоо чөйрөсү сакталып, саны өсүп жаткандыгынан кабар берет.
Министрлик учурда мамлекеттик коруктарды жана токой чарбаларында жаныбарларды браконьерликтен коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Жапайы жаратылыш жанданууда: Аксыдагы доңуздардын үйүрү видеого түшүрүлдү (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан